ЭМГЕК АКЫЛАРДЫ ЖОГОРУЛАТУУГА 7 МИЛЛИАРД СОМ ЖУМШАЛАТ

ЭМГЕК АКЫЛАРДЫ ЖОГОРУЛАТУУГА 7 МИЛЛИАРД СОМ ЖУМШАЛАТ

2022-жылдын 1-августунан тарта бюджеттик сектордогу мамлекеттик жана муниципалдык 58 миңге жакын кызматкердин эмгек акысын жогорулатуу каралган. Мамлекет тармагындагы кызматкерлерине төмөнкү категориялары кирет:


- мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлер;
- мамлекеттик мекемелерде иштеген мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлер;
- кенже техникалык тейлөө персоналы;
- күч түзүмүнүн жарандык жана эмгек келишими боюнча иштеген, кызматта турбаган жана наамы жок кызматчылар;
Бул чараны ишке ашыруу үчүн бюджетте эмгек акы фондусуна 7 миллиард сомго жакын каражат каралган.
Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин «Бюджеттик сектордун кызматкерлеринин эмгек акысын реформалоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында 1-апрелден тарта социалдык тармактын кызматкерлеринин, мугалимдердин, медицина кызматкерлеринин, маданият, спорт кызматкерлеринин, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлеринин эмгек акысы көтөрүлдү.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
3415