АЗИЯ ӨНҮКТҮРҮҮ БАНКЫ ЭНЕРГЕТИКА СЕКТОРУН КОЛДОЙТ

АЗИЯ ӨНҮКТҮРҮҮ БАНКЫ ЭНЕРГЕТИКА СЕКТОРУН КОЛДОЙТ

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде Каржы министринин орун басары Р.Татиков Азия өнүктүрүү банкынын Борбордук жана Батыш Азия боюнча башкы директору Евгений Жуков менен жолугушту

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтык үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон темалар талкууланды, атап айтканда:

- 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасы үчүн өнөктөштүктүн жаңы стратегиясы (ӨӨС);

- АӨБнын климаттын өзгөрүшүнө, энергетикага жана жеке секторго өлкөнүн стратегиялык инвестицияларын колдоо боюнча келечектеги планы;

- Бюджетин колдоо ж.б.

Өлкөнүн энергетика тармагын жакшыртууга, инновацияларды киргизүүгө жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын (ЭКБ) өнүктүрүүгө маанилүү басым жасалды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташтыкты биргелешип өнүктүрүү, климаттын өзгөрүүсү, энергетика жана жеке сектор чөйрөсүндөгү өзгөрүүлөрдү АӨБнын колдоосу боюнча макулдашылды

Бөлүшүү

Түзүлгөн

Алтынай
2155