АЛМАЗ БАКЕТАЕВ: “КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА БИРИНЧИ ЖОЛУ МАМЛЕКЕТТИК БААЛУУ КАГАЗДАРДЫ САТЫП АЛА ТУРГАН ТИРКЕМЕ ИШКЕ КИРГИЗИЛДИ”

АЛМАЗ БАКЕТАЕВ: “КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА БИРИНЧИ ЖОЛУ МАМЛЕКЕТТИК БААЛУУ КАГАЗДАРДЫ САТЫП АЛА ТУРГАН ТИРКЕМЕ ИШКЕ КИРГИЗИЛДИ”

Кыргыз Республикасынын Финансы министри Алмаз Бакетаев өлкөнүн тарыхында реалдуу убакыт режиминде биринчи жолу мамлекеттик баалуу кагаздарды онлайн сатып алууну ишке ашырды. КР Финансы министрлигинин башчысы мамлекеттик казына векселдерин MegaPay мобилдик тиркемеси аркылуу сатып алды.

А.Бакетаев баалуу кагаздар мамлекет тарабынан жогорку кепилдикке ээ экендигин баса белгиледи.

« Баалуу кагаздар мамлекет тарабынан жогору деңгээлде кепилденген. Бул жерде пайыздык чендер 15 пайзга чейин көрсөткүчтү түзүп, жарандар үчүн абдан ыңгайлуу жана ишке ашыруу шарттары жеңил”,- деп белгиледи министр.

Бул тиркемеде Кыргыз фондулук биржасынын санариптик платформасына өтүүгө жана брокердик компаниялар аркылуу баалуу кагаздарды онлайн сатып алууга мүмкүндүк берүүчү кызмат.

Долбоор «Альфа Телеком» ЖАК тарабынан Кыргыз фондулук биржасы менен биргеликте КР Финансы министрлигинин колдоосу менен иштелип чыкты. Көрсөтүлгөн аянтчанын аркасында инвесторлор брокердик компаниялардын кеңсесине келбей эле булуттук санариптик кол тамганы колдонуу менен санариптик келишим түзүп, баалуу кагаздарды сатып ала алышат.

Мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу инвестициялык инструменттердин бири болуп саналат жана коммерциялык банктардагы депозиттерге альтернатива катары чыга алат. Мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча төлөмдөр республикалык бюджетте каралган жана ар дайым өз убагында жүргүзүлөт.

Эскерте кетсек, баалуу кагаздар мамлекет тарабынан жогорку деңгээлде кепилденген.

9 сүрөттөр

0.00MB

Тиркелген файлдар

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Сезим
1371

Окшош жаңылыктар