Тренддер
ДОЛБООРДУН БЕНЕФИЦИАРЛАРЫ: Камчибек Капиров
Камчибек Капиров, жеке ишкер Баткен облусу, Кыргызстан
Жеке ишкер Камчибек Капиров эмерек жасоочу цех жана дүкөндүн ээси. Ал февралда “Айыл банктын” Баткендеги филиалы аркылуу мамлекеттен миллион сом өлчөмүндө пайызсыз насыя алган. Анын айтымында, акча жабдууларды жаңылаганга жана айлантуудагы каражатты көбөйтүүгө жумшалган. Ишкер банк талап кылган документтерди кыска убакытта даярдап, насыя алуу процедурасын жеңил өткөнүн белгилөөдө.
Камчибек мамлекет алыскы региондордогу бизнести колдоого алганына жана чек арага чукул аймактардагы ишкерлерге каржылык көмөк көрсөтүп жатканына кубанычта.