Тренддер
ДОЛБООРДУН БЕНЕФИЦИАРЛАРЫ: «СЛАДОСТИ БАГЕРЫ» ЖЧКсы
Гүлжамал Караева, «СЛАДОСТИ БАГЕРЫ» ЖЧКсынын генералдык директору Джалал-Абад шаары, Джалал-Абад облусу, Кыргызстан
Гүлжамал Караева 2004-жылдан бери кондитердик азыктарды чыгарып, сатуу менен алектенет. 2022-жылы анын «Сладости Багери» компаниясы негизги чийки затка – унга, кантка, сүткө жана сүт азыктарына болгон баанын көтөрүлүшүнө дуушар болгон. Ишкердин айтымында, баалар 200%га чейин көтөрүлгөн. Гүлжамал “Халык Банкка” кайрылып, 2.5 миллион сом пайызсыз насыя алган. Каражат чийки зат сатып алууга алынган карызды төлөөгө жумшалган.
Пайызсыз насыя алуу процедурасы 2 айга созулду. Ишкер белгилегендей, анын ишканасы КНС төлөөчү болуп, салыктык боюнча карызы жок.
Гүлжамал долбоор компанияларды банкроттон сактап, татаал мезгилде өндүрүшчүлөргө колдоо болду деп эсептейт.