Menu

ДОЛБООРДУН БЕНЕФИЦИАРЛАРЫ: "Мырзабекова Р" ЖЧКсынын негиздөөчүсү

ДОЛБООРДУН БЕНЕФИЦИАРЛАРЫ: "Мырзабекова Р" ЖЧКсынын негиздөөчүсү

Жалал-Абад ш., Жалал-Абад облусу, Кыргызстан

Рахат Мырзабекова көп жылдан бери Жалал-Абад облусунун маанилүү социалдык, аскердик мекемелерин нан менен камсыздайт. Сovid-19 пандемиясы учурунда нан азыктарын өндүргөн цех ун сатып алууда кыйналган. Анткени чийки зат сатып алуу үчүн каражаты жок болгон. Бактыга жараша өнөктөштөрү карызга ун берип турган. Ишкер ал карызды мамлекеттен пайызсыз насыя алгандан кийин гана төлөп берди. Рахаттын айтымында, ага “Халык Банк” 18 айга миллион сом насыяны бир айдын ичинде берген. Рахат “Микро, кичи жана орто ишкерликти ыкчам колдоо” долбоорунун жардамы менен иштерин ковидге чейинки абалга келтире алды. 

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
3429