Кыргызстандын 260тан ашык адиси демилгелүү бюджеттөө боюнча окутуудан өттү

Кыргызстандын 260тан ашык адиси демилгелүү бюджеттөө боюнча окутуудан өттү

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Россия Федерациясынын Финансы министрлигинин ортосундагы Эки тараптуу кызматташуу программасынын алкагында демилгелүү бюджеттөө боюнча эки күндүк семинар өттү.

 

         Семинар айыл өкмөттөрдүн жетекчилерине багытталган, анткени алар жергиликтүү деңгээлде демилгелүү бюджеттөөнү ишке киргизүү жана ишке ашырууга түздөн-түз катышат. Окутуу семинарына ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин кызматкерлери жана аймактык башкармалыктарынын жетекчилери да катышышты.

         Семинардын экинчи күнүндө Бишкек шаарындагы билим берүү уюмдарынын жетекчилери үчүн өзүнчө семинар өткөрүлдү. Анда катышуучулар мектептеги демилгелүү бюджеттөөнүн негиздери менен тааныштырылды. Бул иш-чарага 97 адам - мектеп директорлору, алардын орун басарлары жана башкы бухгалтерлер катышты.

         Эки күндүк семинарда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин чоң залында 260тан ашык угуучу окутуудан өттү.

         Семинардын программасы Финансы министрлигинин Окуу борбору жана НИФИнин командасы тарабынан угучулардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен даярдалган. Программада демилгелүү бюджеттөөнүн негизги инструменттери чагылдырылган. Эки тараптуу программанын эксперттери В.В. Вагин, Н.А. Шаповалова, М.В. Кураколов, А.А. Дмитриева жана М.А. Шевелёва катышуучуларга демилгелүү бюджеттөөнүн мамлекеттик жана муниципалдык башкарууга жарандардын катышуусундагы орду, максаттары, демилгелүү долбоорлорду ишке ашыруунун этаптары, долбоорлорду тандоо критерийлери тууралуу маалымат беришти жана демилгелүү бюджеттөөнүн мыкты тажрыйбаларын сунушташты.

         Ошондой эле демилгелүү долбоорлорду ишке ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жергиликтүү жамааттардын өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу, жарандарды демилгелүү бюджеттөө боюнча маалымдоонун тажрыйбалары жана жаштардын демилгелүү долбоорлоруна өзгөчө көңүл бурулду.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Сезим
593

Окшош жаңылыктар