Menu

ПАЙЫЗСЫЗ НАСЫЯЛАРДЫН 60 ПАЙЫЗДАН АШЫГЫН ИШКЕР АЯЛДАР АЛГАН

ПАЙЫЗСЫЗ НАСЫЯЛАРДЫН 60 ПАЙЫЗДАН АШЫГЫН ИШКЕР АЯЛДАР АЛГАН

“Микро, чакан жана орто ишканаларды ыкчам колдоо” долбоорунун алкагында 4047ден ашык аял бизнесин өнүктүрүү үчүн пайызсыз насыя алып, кирешелүү бизнес жүргүзүүнүн үлгүсүн көрсөтүштү. Долбоордун бенефициарларынын саны 6 530 ишкерге жетип, жалпы 3 906 805 818 сомдук пайызсыз насыя берилген

“Микро, чакан жана орто ишканаларды ыкчам колдоо” долбоорунун негизги артыкчылыктарынын бири ишкер аялдарды колдоо болуп саналат.
Толук маалыматты Финансы министрлигинин сайтынан жана ишкерлердин ийгилигин чагылдырган долбоордун социалдык тармактардагы баракчаларынан ала аласыз.

МААЛЫМАТ ҮЧҮН: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Дүйнөлүк банктын жана Азия инфраструктуралык инвестиция банкынын колдоосу менен “Микро,  чакан жана орто ишканаларды ыкчам колдоо” долбоорун ишке ашырууда. Долбоордун алкагында 2027-жылдын июлуна чейин Кыргызстандын бардык аймагында пайызсыз насыялар берилет.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
2094