Menu
Тренддер

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин делегациясы Борбор Азия – ЕБ экономикалык жана каржылык кызматташтык боюнча жогорку деңгээлдеги диалогго катышты
2025-жылдын 12–13-майында Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары Алтынбек Кудайбердиев жетектеген делегация Брюссель шаарында өткөн Борбор Азия – ЕБ экономикалык жана каржылык кызматташтык боюнча жогорку деңгээлдеги диалогго катышты.
Иш-чарага Борбор Азия өлкөлөрүнүн каржы мекемелеринин делегациялары, Европа комиссиясынын, Европа инвестициялык банкынын, Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын, Европанын эл аралык кызматташтыктагы финансисттер бирикмесинин (JEFIC) мүчөлөрү жана ЕБ Кеңешинин Польша төрагалыгынын өкүлдөрү катышты.
Талкуулардын негизги темалары ЕБнын Global Gateway стратегиясын ишке ашыруу, соода-экономикалык алакаларды бекемдөө, Транскаспий транспорттук коридорун өнүктүрүү, суу жана энергетика жаатында кызматташуу, ресурстарды туруктуу пайдалануу жана стратегиялык маанидеги чийки заттарды камсыз кылуу болду.
Кыргыз тарап «жашыл» энергетика, суу ресурстары, транспорт жана санариптик технологиялар тармактарында эл аралык каржы институттары менен кызматташууну кеңейтүүгө жана инвестиция тартууга кызыкдар экенин билдирди.
Диалог Борбор Азия менен ЕБнин туруктуу өнүгүү жана региондун калкынын жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча өнөктөштүгүнүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу тастыктады