Menu

МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАР ДЕПАРТАМЕНТИ АДМИНИСТРАТИВДИК ДАТТАНУУЛАРДЫ ЖАНА КАЙРЫЛУУЛАРДЫ КАРОО БОЮНЧА КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ КОМИССИЯНЫН КУРАМЫНА МҮЧӨЛӨРДҮ КАБЫЛ АЛУУНУ ЖАРЫЯЛАЙТ

МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАР ДЕПАРТАМЕНТИ АДМИНИСТРАТИВДИК ДАТТАНУУЛАРДЫ ЖАНА КАЙРЫЛУУЛАРДЫ КАРОО БОЮНЧА КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ КОМИССИЯНЫН КУРАМЫНА МҮЧӨЛӨРДҮ КАБЫЛ АЛУУНУ ЖАРЫЯЛАЙТ

КРФМ

 

Бардык кызыкдар тараптарга

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти (мындан ары – Департамент) Административдик даттанууларды жана кайрылууларды кароо боюнча Көз карандысыз комиссиянын курамына кабыл алуу боюнча төмөнкүлөрдү маалымдайт.

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамынын 45‑беренесинин 1‑бөлүгүнө ылайык, Сатып алуучу уюмдун/Агенттин чечимине жана сатып алуучу уюмдун/Агенттин кайрылуусуна административдик даттануулар Министрлер Кабинети тарабынан түзүлгөн Даттануулар жана кайрылуулар боюнча көз карандысыз комиссия (мындан ары-Көз карандысыз комиссия) тарабынан каралат. Көз карандысыз комиссия коомчулуктун өкүлдөрүнөн, юристтерден жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча сертификаты бар адистерден турат.Көз карандысыз комиссиянын бардык мүчөлөрү мамлекеттик сатып алуулар жаатында сертификатка ээ болушу керек.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 14-ноябрындагы №7-Б буйругу менен бекитилген Даттануулар жана кайрылуулар боюнча көз карандысыз комиссияны тандоо боюнча нускаманын (мындан ары – Нускама)
2-бөлүмүнүн 4-пунктуна ылайык, Административдик даттануулар жана кайрылууларды кароо боюнча көз карандысыз комиссиянын курамы өзүнө коомчулуктун өкүлдөрүн, мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы сертификаты бар адистерди,ошондой эле юриспруденция жаатындагы адистерди камтыган үч топтон турат жана Көз карандысыз комиссиянын курамы 15 мүчөдөн кем эмес болушу керек жана:

            -үчтөн бири – юриспруденция тармагындагы адистерден;

            -үчтөн бири – мамлекеттик сатып алуулар боюнча сертификаты бар адистерден;

            -үчтөн бири – коомчулуктун өкүлдөрүнөн турат;

Нускаманын  8-главасынын 2-пунктуна ылайык, Көз карандысыз комиссиянын мүчөлөрүн жана резервдин курамын тандоо, ошондой эле Көз карандысыз комиссиянын мүчөлөрүнүн иши боюнча отчетторду кароо үчүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Мамлекеттик сатып алуулар боюнча эксперттик кеңеш (мындан ары — ЭК) түзүлөт. ЭК мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнөн, жарандык коом институтунун өкүлдөрүнөн жана көз карандысыз эксперттерден турат. Көз карандысыз комиссиянын курамын толуктоо максатында мамлекеттик сатып алуулар боюнча ЭК тарабынан Көз карандысыз комиссиянын жана комиссиянын резервинин курамынын ар бир тобуна талапкерлерди тандоо жүргүзүлөт.

Төмөнкү талаптарга ылайык келген адам Көз карандысыз комиссиянын жана анын резервдик курамынын мүчөсү боло алат:

1. Кыргыз Республикасынын жарандыгынын болушу;

2. Жогорку кесиптик билиминин болушу;

3. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адистин сертификатынын болушу;

4. Юриспруденция жаатындагы адис үчүн — юридикалык кесип боюнча 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын болушу;  

5. Мамлекеттик сатып алуулар жаатында сертификатталган адис үчүн — мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис катары кеминде 3 жылдык иш тажрыйбанын болушу;

6. коомчулуктун өкүлү үчүн-эксперттик же изилдөө ишинде 3 жылдан кем эмес

тажрыйбанын болушу;

7. Соттуулуктун жоктугу.

Көз карандысыз комиссиянын мүчөлөрүн жана анын резервдик курамын тандоо калыс жана ачык-айкын  жол-жобону колдонуу менен ачык конкурс өткөрүү аркылуу жүргүзүлөт.

Талапкерлер ЭК тарабынан эки этапта бааланат:

1) биринчи этап — талапкерлер тарабынан тапшырылган ырастоочу документтерди баалоо;

2) Экинчи этап — маектешүү.

Көз карандысыз комиссиянын жана резервдин курамына тандоо боюнча конкурска

катышууну каалаган адамдар төмөнкү документтерди тапшыруусу зарыл:

1) Мамлекеттик сатып алуулар боюнча ЭКтин төрагасынын атына арыз;

2) сүрөтү менен резюме;

3) паспорттун көчүрмөсү;

4) зарыл болгон кесиптик билимин, иш стажын жана квалификациясын тастыктаган документтер (эмгек китепчесинин көчурмөсү, билими тууралуу документтердин көчүрмөлөрү, мамлекеттик сатып алуулар боюнча сертификаттын).

көчүрмөсү);

5) соттуулугу жоктугу жөнүндө маалымкат (маектешүү өткөрүлгөн учурда берилиши мүмкүн).

Ошондой эле , мамлекеттик же муниципалдык кызматта иштеген адамдар, анын ичинде саясий мамлекеттик кызмата орундарында, саясий муниципалдык кызмата орундарында, атайын мамлекеттик кызмат орундарында иштеген адамдар Көз карандысыз комиссиянын курамында иштей аларын билдиребиз.

Ушуга байланыштуу, Мыйзамды жана жогоруда аталган Нускаманы аткаруу максатында, Департамент бардык каалоочуларды Көз карандысыз комиссиянын жана анын резервдик курамына мүчөлөрдү тандоо боюнча ачык конкурска катышууга чакырат.                  

Талапкерлер документтерди 2025-жылдын 24-ноябрына чейин төмөнкү ыкмалардын бири менен тапшырышы керек:

1. Электрондук почта аркылуу: admin@zakupki.gov.kg;

2. “Infodocs” электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу;

3. Жеке өзү Бишкек шаары, Чыңгыз Айтматов проспектиси, 1, 2-корпус, 417-кабинет дареги боюнча.

              Кошумча маалыматты төмөнкү телефон аркылуу алсаныздар болот: +996 558 62 53 13, +996 (770) 49 06 00.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Ызаат
428

Окшош жаңылыктар