Menu
Тренддер
![ЖАЙЫТ ЖАНА АСЫЛ ТУКУМ МАЛ ЧАРБА ДЕПАРТАМЕНТИНЕ 2023-ЖЫЛДЫН БАШЫНДА 10 МЛН СОМ АКЧА КАРАЖАТЫ КАРАЛГАН](https://minfin.kg/storage/files/shares/Новости/res_7808feaa9d507afb89998f637e8490ab.png)
ЖАЙЫТ ЖАНА АСЫЛ ТУКУМ МАЛ ЧАРБА ДЕПАРТАМЕНТИНЕ 2023-ЖЫЛДЫН БАШЫНДА 10 МЛН СОМ АКЧА КАРАЖАТЫ КАРАЛГАН
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаментине үстүбүздөгү жылдын башында 2023-жылга 10,0 млн. сом акча каражаты каралган. Жыл ичинде жайыт чөп өсүмдүктөрүнүн уруктарын сатып алуу максатына 30,4 млн. сом акча каражаты каралып, бүгүнкү күнгө карата 2023-жылга Департаменттин бюджети 40,4 млн. сомду түздү. 2023-жылдын 25-майына карата 8,3 млн. сом келип түшкөн билдирмелердин негизинде каржыланды.
Жайыт чөп өсүмдүктөрүнүн уруктарын сатып алуу иш чарасына бул жылы алгачкы жолу акча каражаты бөлүнүп жатканын белгилейбиз.