2024-жылга карата Финансы министрлигинин жетишкендиктери

2024-жылга карата Финансы министрлигинин жетишкендиктери

2024-жылга карата жетишкендиктер

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн аны менен катар Финансы министрлигинин 100 жылдык тарыхый датасын белгиленип жаткан жылы биздин жетишкендиктерибиз да өзгөчө динамикалуу саамалыктар менен коштолду.

Алып карай турган болсок 2024-жылга бекитилген республикалык бюджеттин кирешеси 378,4 млрд сомду түзгөн.

Бул көрсөткүч кирешелерди башкарууну жакшыртуу боюнча натыйжалуу иштердин жана макроэкономикалык кырдаалдын оң өзгөрүүлөрүнүн аркасында бир топ жогорулады.

Такталган бюджеттин параметрлеринин жыйынтыгы боюнча 2024-жылга республикалык бюджеттин кирешеси 410,6 млрд сомду түздү, бул бекитилген пландан 32,2 млрд сомго көп.

Ресурстар боюнча бекитилген Консолидацияланган бюджет 2024-жылга 602,1 млрд сомду түзсө, ал эми тактоонун жыйынтыгы боюнча ресурстар 686,6 млрд сомго жетип, 84,5 млрд сомго өсүштү көрсөттү.

Мындай өсүш салыктык жана бажылык башкарууну жакшыртууга, экономикалык өсүшкө дем берүүгө жана жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө багытталган чаралардын бүтүндөй комплексинин натыйжасы болуп саналат.

 

Киреше динамикасы: туруктуу өсүү тенденциясы

Республикалык бюджеттин кирешелери ишенимдүү оң динамиканы көрсөтүүдө: 2021-жылы 187,4 млрд сомдон 2023-жылы 357,7 млрд сомго чейин өстү. Бул чек эмес: бюджеттин тактоосу менен 2024-жылы 410,6 млрд сомго жетти, ал эми 2025-жылга карата 430,2 млрд сомго жетүү менен ийгиликти бекемдөөнү пландап жатабыз.

Ушундай эле көрүнүш консолидацияланган бюджетти талдоодо да байкалат. Бул жерден биз дагы ишенимдүү өсүштү көрөбүз: 2021-жылы 247,8 млрд сомдон 2023-жылы 577,2 млрд сомго чейин өсүү болду. 2024-жылга такталган план 686,6 млрд сомду түзөт, ал эми 2025-жылга биз 708,9 млрд сом натыйжага багытталганбыз. Бул үч эсеге жакын өсүштү көрсөтөт.

Салыктык жана бажы органдары бул позитивдүү динамикага чоң салым кошту. Мамлекеттик салык кызматынын башкаруусундагы салыктык түшүүлөр 2021-жылы 85,2 млрд сомдон 2023-жылы 154,6 млрд сомго чейин өстү. 2024-жылга такталган план боюнча 189,6 млрд сом деп жана ошондой эле 2025-жылга карата 232,2 млрд сомго чейин көтөрүү күтүлүүдө.

Мамлекеттик бажы кызматынын ишинин жыйынтыктары да ич жылытаарлык. Такталган план боюнча 2024-жылга 121,0 млрд сом деңгээлинде күтүлүүдө. 2025-жылга план – 128,5 млрд сом деңгээлине чыгуу. Ошентип, бажы жыйымдарынан түшүүлөрдүн өсүшү үч эседен ашыкты түздү, бул, албетте, маанилүү натыйжа болуп саналат.

2025-жылга бекитилген бюджет: артыкчылыктар жана багыттар

2025-жылга бюджеттин параметрлерин карасак, 2025-жылга республикалык бюджеттин кирешеси 430,2 млрд сом көлөмүндө бекитилген, ал эми чыгаша 405,9 млрд сомду түзөт.

Белгилей кетчү жагдай, бюджет 24,3 млрд сом өлчөмүндө профицит менен түзүлгөн, бул профицит пландоого жана туруктуу өнүктүрүүгө багытталган салмактуу мамилени көрсөтүп турат.

2025-жылдагы бюджеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттары төмөнкүлөр:

  • Жарандардын жашоо сапатын жогорулатуу. Саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият жана спортту колдоого багытталган социалдык программалар каржылана берет. Мамлекеттик ипотеканын алкагында жарандарды турак жай менен камсыз кылууга көңүл бурулат.
  • Экономикалык өсүүгө дем берүү (стимулдаштыруу) – Бюджетте инфраструктураны жакшыртууга жана улуттук долбоорлорду ишке ашырууга олуттуу каражаттар каралды, бул өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө түрткү берет.
  • Улуттук коопсуздукту жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылууда коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо жана коомдук тартипти камсыздоо иштери улантылууда.

 

Мамлекеттик финансыны башкаруудагы позитивдүү учурлар

Мамлекеттик финансыны башкаруу жаатындагы ишибизди мүнөздөгөн бир нече позитивдүү нерселерди өзгөчө белгилеп кеткибиз келет.

Биринчиден, бул макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн олуттуу жакшырышы. ИДПнын туруктуу өсүшү байкалууда, ал 2021 - жылы 782,9 млрд сомду түздү, 2022-жылы 1 020,7 млрд сомду түздү, 2023-жылы 1 333,7 млрд сомго жетти, ал эми 2024-жылга 1 414,7 млрд сом деңгээлинде жана        1 624,1 млрд сом 2025-жылы болжолдонууда. Бул жетишкендиктер Министрлер Кабинетинин ырааттуу ишинин натыйжасы болуп саналат.

Экинчиден, биз тышкы карыз маселесин чечүүдө олуттуу жылыштарды көрүп жатабыз. Жакында Түркия Республикабыздын карызынын бир бөлүгүн кечүү чечимин кабыл алды, бул биздин финансыларды жакшыртуу жана эл аралык өнөктөштөрдүн ишенимин арттыруу жолундагы маанилүү кадам.

Үчүнчүдөн, социалдык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча иштер активдүү жүргүзүлүүдө. Бюджет капиталдык салымдарга олуттуу каражат бөлөт. 2024-жылга бекитилген бюджетте капиталдык салымдар беренеси боюнча 8 млрд сом суммасында каражат каралган, жыл ичинде бул сумма 34,3 млрд сомду түзгөн, ал эми 2025-жылы 10,0 млрд сом багыттоо пландалууда.

Бул каражатка мектептер, ооруканалар, маданият жана спорт объектилери курулууда. Бул жылы биз өлкө боюнча бир катар социалдык объектилердин курулушун баштадык.

Жыйынтыктап айтканда, биз мыйзамдык базаны өркүндөтүү, заманбап санариптик технологияларды киргизүү жана бизнес менен өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иштерди улантуудабыз.

 

 

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Ызаат
1266

Окшош жаңылыктар