ТРАНСПОРТ ЖАНА КОММУНИКАЦИЯЛАР ТАРМАГЫН КАРЖЫЛОО

ТРАНСПОРТ ЖАНА КОММУНИКАЦИЯЛАР ТАРМАГЫН КАРЖЫЛОО

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин такталган бюджети 10 айдын жыйынтыгы боюнча 2024-жылы 19 595,6 млн. сомду түзөт, алардын ичинен:

-  учурдагы бюджет – 5 064,5 млн. сом;

- "мамлекеттик инвестициялар" линиясы боюнча – 8 238,1 млн. сом;

- "капиталдык салымдар" беренеси боюнча - 2 880,0 млн. сом;

-   казыналык облигацияларды чыгаруу-3 413,0 млн.сомду түзгөн.

Транспорт министрлигине учурдагы бюджет боюнча 2024-жылга 4 450,9 млн.сом каралган, анын ичинен Жол фондунун каражаттары 3 981,3 млн. сом. Ошондой эле Жол фондунун булактарынан кошумча түшүүлөрдүн эсебинен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйругу менен Жол фондунун бюджети 605,0 млн.сомго көбөйтүлгөн.

 Жолдорду күтүүгө жана оңдоого, анын ичинде битумду сатып алууга 2024-жылга Жол фондунун бюджетинен 3 271,3 млн.сом каралган.

"Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын жол-курулуш техникаларынын паркын жаңылоо максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  буйругу менен жалпы суммасы 4 782,0 млн.сомго жол-курулуш техникаларын жана жабдууларын сатып алуу жөнүндө чечим кабыл алынган. 2023-жылы 247 даана жол-курулуш техникасы жана 18 даана асфальт-бетон заводу, таш майдалоочу завод жана бетон заводу сатылып алынган, алар бүгүнкү күндө келишимге ылайык квартал сайын төлөнүп турат. Мындан тышкары, дагы 447 даана жол-курулуш техникасын жана 4 асфальт-бетон жана таш майдалоочу заводду сатып алуу боюнча келишимдер түзүлгөн. 2024-жылга техника алууга жол фондунун бюджетинен 1 168,3 млн.сом, каралган.

2024-жылдын 31-октябрына карата 2024-жылга каралган каражаттардын алкагында төмөнкү иштер аткарылды:

- учурдагы бюджет боюнча жолдорду асфальттоо – 148,2 км;

- "мамлекеттик инвестициялар" линиясы боюнча жолдорду асфальттоо - 149,0 км;

- "капиталдык салымдар" беренеси боюнча жолдорду асфальттоо - 410,5 км;

- Жол устун бодурлоо иштери (ШПО)- 21,3 км;

- чуңкурларды оңдоо-138,3 миң м2;

- учурдагы бюджет боюнча 14,6 миң тонна көлөмүндө битум сатып алуу;

- графикке ылайык техниканы сатып алууга кварталдык төлөм, ошондой эле 451 техника сатып алууга аванстык төлөм;

- жолдорду жайкы жана кышкы күтүү иштери аткарылды.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Сезим
805

Окшош жаңылыктар