Menu

Финансы министрлигинде Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү

Финансы министрлигинде Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде 2022-жылдын 4-ноябрында Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2022-жылдын 30-августундагы № 134-Б “Мамлекеттик тилдин бир айлыгын жарыялоо жөнүндө” буйругу менен кабыл алынган бир айлыктын жыйынтыгы чыгарылды.

Салтанаттуу иш-чарада финансы министринин орун басары У.И. Календеров учурда иш кагаздарын жүргүзүүдө кыргыз тилинин маанилүүлүгүн белгиледи.

  

  

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Ж.К. Орозбекова, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б. Ставинская-Топоева, ошондой эле аталган мекеменин кызматкерлери А.Супатаева жана А.Сабыралиевалар катышып, куттуктоо менен катар мамлекеттик тилде иш кагаздарын туруктуу жүргүзүп жана өнүгүшүнө салым кошуп келе жаткан кызматкерлерге сыйлыктарын, ошондой эле Кыргызтесттен жогорку С1 жана орто В2 деңгээлге тест тапшырган кызматкерлерге сертификаттарды тапшырышты.

      

Иш-чарада Министрликте мамлекеттик тилде иш алып баруу тууралуу отчет берилип, кызматкерлердин, анын ичинде башка улуттун өкүлүнүн катышуусунда көркөм окуу, кыргыз ырлары аткарылып, бүгүнкү күндөгү тилдин абалы тууралуу көрүнүштөр белгиленген.

  

Жыйынтыгында, бир айлыкка жигердүү катышкан кызматкерлер Министрликтин дипломдору менен сыйланышты.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
4348