Menu

2023–жылдын 25–майына карата “Айыл чарбасын каржылоо-11” долбоору боюнча маалымат.
“Айыл чарбасын каржылоо” долбоорлору боюнча бүгүнкү күндө 126 430 чарбалык субъектилерге 54,27 млрд сом суммасында кредит берилген, анын ичинде:
- “Мал чарбачылык” тармагы боюнча 34,96 млрд сом суммасында 100 303 субъект, ал кредит берүүнүн жалпы көлөмүнүн 64% түзөт;
- “Өсүмдүк өстүрүүчүлүк” тармагы боюнча 8,46 млрд сом суммасында 23 658 субъект, ал кредит берүүнүн жалпы көлөмүнүн 15% түзөт;
- “Айыл чарба өндүрүмүн кайра иштетүү” тармагы боюнча 10,85 млрд сом суммасында 2 469 субъект, ал кредит берүүнүн жалпы көлөмүнүн 21% түзөт.
“Айыл чарбасын каржылоо” долбоорун ишке ашырууну улантуу максатында “Айыл чарбасын каржылоо – 11” долбоору бекитилген. Бул Долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы 3,3 млрд сом суммасында кредиттөөнүн жалпы көлөмүндө катышууда.
2023-жылдын 25-майына карата бул Долбоордун алкагында республиканын 5 636 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 2 540,3 млн сом суммасында жеңилдетилген кредит берилген.