Menu

БЮДЖЕТТИН КИРЕШЕЛЕРИН БОЛЖОЛДООГО КАРАТА ИННОВАЦИЯЛЫК ЫКМАЛАР КЫРГЫЗСТАНДЫН АНАЛИТИКАЛЫК ПОТЕНЦИАЛЫН БЕКЕМДӨӨ

БЮДЖЕТТИН КИРЕШЕЛЕРИН БОЛЖОЛДООГО КАРАТА ИННОВАЦИЯЛЫК ЫКМАЛАР КЫРГЫЗСТАНДЫН АНАЛИТИКАЛЫК ПОТЕНЦИАЛЫН БЕКЕМДӨӨ

КРФМ

 

            Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Россия Федерациясынын Финансы министрлигинин эки тараптуу кызматташуу программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин кирешелерин болжолдоомун ыкмаларын өнүктүрүүтемасында кезектеги онлайн-семинар болуп өттү.

Семинарга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелерди талдоо жана божомолдоо башкармалыгынын начальниги                                 Алмазбек Тойчубаевич Кочкоров, Программанын эксперти, Россия Федерациясынын Финансы министрлигине караштуу Илимий-изилдөө финансылык институту (ИИФИ) Мамлекеттик кирешелерди божомолдоо жана талдоо багытынын жетекчиси, экономика илимдеринин кандидаты Сергей Сергеевич Судаков жана ИИФИнин башка өкүлдөрү катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик бюджеттин кирешелерин болжолдоонун сапатын жогорулатуу маселелери талкууланып, 2030-жылга чейинки орто жана узак мөөнөттүү мезгилге карата киреше болжолун түзүү ыкмалары сунушталды.

            Ушул сыяктуу семинарларды өткөрүү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин адистеринин эксперттик потенциалын бекемдөөгө жана мамлекеттик бюджеттин кирешелерин талдоо менен болжолдоонун заманбап ыкмаларын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Ызаат
409

Окшош жаңылыктар