Menu

2024-ЖЫЛ ҮЧҮН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК БЮДЖЕТИНИН АТКАРЫЛЫШЫ
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин киреше бөлүгүн аткаруу
Мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 2024-жылдын январь-декабрь айларында 464 479,7 млн. сомду же белгиленген пландык тапшырмадан 101,7%ын түздү. Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу бюджеттин жалпы кирешелери 18,5%га же 72 576,1 млн. сомго өстү.
Салыктык кирешелердин көлөмү каралган мезгил үчүн 348 938,4 млн. сомду же пландын 101,7%ын түздү (ашыкча аткаруу суммасы – 5 964,5 млн. сом). Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу салыктык кирешелер 54 499,1 млн. сомго же 18,5%га өскөн.
Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан салыктар жана төлөмдөр 123 085,8 млн. сом өлчөмүндө же пландан 101,7% камсыздалган (ашыкча аткаруу суммасы – 2 085,8 млн. сом). Өткөн жылдын бирдей мезгилине салыштырмалуу бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү 10,4%га же 11 577,6 млн. сомго өстү.
Отчеттук мезгилде Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 228 277,1 млн. сом суммада киреше жыйналган, пландык көрсөткүч 102,0%га аткарылган. Өткөн жылдын тийиштүү деңгээлине салыштырмалуу салык кызматы тарабынан администрацияланган кирешелер 23,4%га же 43 260,6 млн. сомго өскөн.
Мамлекеттик бюджеттин салыктык эмес түшүүлөрү каралган мезгил үчүн 101 443,9 млн. сомду же планга карата 102,9%ын түздү. Өткөн жылдын тийиштүү деңгээлине салыштырмалуу жыйымдар 20 185,9 млн. сомго же 24,8%га өскөн. Түшүүлөрдүн олуттуу өсүшү берилген бюджеттик ссудалар жана кредиттер боюнча пайыздардан, мамлекеттик акциялардын пакетине кошуп эсептелген дивиденддерден, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасынан, ресурстарды пайдалануу жана чалгындоо үчүн ижара акыдан жана жыйымдардан, акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр боюнча байкалууда.
Расмий гранттардын түшүүсү 14 097,4 млн. сомду же пландык көрсөткүчкө карата 93,2% түздү. Өткөн жылдын тийиштүү деңгээлине салыштырмалуу гранттардын түшүүсү 2 108,9 млн. сомго азайган.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин чыгымдар бөлүгүнүн аткарылышы
2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин жыйынды чыгымдары (учурдагы чыгымдар жана финансылык эмес активдерди сатып алуу чыгымдары менен) 427 035,0 млн.сом такталган планда 454 280,1,7 млн.сомду түздү. Өткөн жылга салыштырмалуу мамлекеттик бюджеттин жыйынды чыгымдары 47 579,1 млн.сомго көбөйдү. ИДПга карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин жыйынды чыгымдары 28,0 %ды түздү.
2024-жылдын жыйынтыгы боюнча (атайын каражаттарды, МИ, ТИМ жана финансылык эмес активдерди сатуудан түшүүлөрдү эске алуу менен), мамлекеттик бюджет 464 685,8 млн.сом суммасындагы жыйынды кирешелерден жана 427 035,0 млн.сом суммасындагы жыйынды чыгымдардан улам 37 650,8 млн.сом профицит менен аткарылды.

1 сүрөттөр
0.00MB