Menu

Бюджеттик программалардын натыйжалуулугун баалоонун жыйынтыктары

Бюджеттик программалардын натыйжалуулугун баалоонун жыйынтыктары

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы №17 “Бюджеттик программалардын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2021-жылга министрликтердин пилоттук бюджеттик программалардын натыйжалуулугуна баа берди. (Саламаттык сактоо министрлиги, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги)

 

 

Баалоонун жыйынтыгында төмөнкүдөй жыйынтыктар алынды:

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин программалык негизинде бюджетти аткаруунун натыйжалуулугунун деңгээли 75,5 баллдык баа менен орточо даражага туура келет.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин программалык негизинде бюджетти аткаруунун натыйжалуулугунун деңгээли 79,2 баллдык баа менен орточо даражага туура келет.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2020-жылга бюджеттик программаларынын натыйжалуулугун баалоо тиешелүүлүгүнө жараша 67,9 баллды жана 46,5 баллды түздү.

Ошону менен бирге 2020-жылга бюджеттик программалардын натыйжалуулугун баалоонун натыйжалары Кыргыз Республикасында COVID-19 инфекциясынын жайылышын эске алуу менен каралышы керек.

Баалоонун натыйжалары боюнча бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган программалык бюджетти түзүүдө пилоттук министрликтерге төмөнкүлөрдү сунуштайт:

- учурдагы тенденциялар уланат деген божомол менен өткөн мезгилдер үчүн көрсөткүчтөрдүн иш жүзүндөгү маанилерин салыштыруу жолу менен эффективдүү индикаторлордун максаттуу маанилерин белгилөө;

- көрсөткүчтөр менен каржылоо көлөмүнүн ортосундагы байланышты камсыз кылуу. Каржылоонун көлөмү жогору же ылдый жагына өзгөргөндө, эффективдүү индикаторлордун максаттуу маанилери да пропорционалдуу түрдө көбөйтүлүшү же азайышы керек.

Иштин натыйжалуулугун баалоо планына ылайык, бюджеттик программалардын натыйжалуулугун баалоонун жыйынтыгы боюнча корутундуга 2022-жылдын 4-июлунда ведомстволор аралык жумушчу топтордун төрагасы кол койгон.

Тиркелген файлдар

pdf
mintrans.pdf

2069861 MB

pdf
minzdrav.pdf

1832435 MB

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

-
3210