КР Финансы министринин орун басары Р.Татиков Япониянын финансы министринин орун басары Масато Канда менен жолугушту

КР Финансы министринин орун басары Р.Татиков Япониянын финансы министринин орун басары Масато Канда менен жолугушту

JDS долбоору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерине КР Өкмөтүнүн кадрларды даярдоо боюнча саясатын колдоо жана Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү максатында Япониянын ЖОЖдорунда магистр даражасын алуу мүмкүнчүлүгүн берет.

 

Токио. 14.03.2024

      Японияда Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары Р.Татиков  кесиптеши Япониянын Финансы министринин орун басары Масато Канда жана Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Э. Осоевдин катышуусу менен жолугушуу болуп өттү. 

Тараптар эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн ийгиликтүү тенденцияларын белгилеп, достук мамилелердин мындан ары да чыңдалышына ишеним билдиришти. 

Жолугушуунун жүрүшүндө инвестицияга, модернизацияга жана өнөр жайды өнүктүрүүгө, ошондой эле эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты жана соода жүгүртүүнү натыйжалуу кеңейтүүгө салым кошо турган Кыргыз-Япон өнүктүрүү фондун түзүү маселелери талкууланды. Мындан тышкары, тышкы карызды климаттык долбоорлорго тиешелүү финансылык ресурстарды инвестициялоо аркылуу алмаштыруу маселеси көтөрүлдү.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Финансылык башкаруунун маалыматтык системасын реформалоодо тажрыйба алмашуу боюнча макулдашууга жетишти.

Ошондой эле Япония өкмөтүнүн мамлекеттик кызматкерлерди окутуу боюнча Гранттык программасын (JDS) ишке ашыруунун натыйжасында алынган адам ресурстарын өнүктүрүү жаатындагы эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды.

Маалымат үчүн: JDS долбоору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерине КР Өкмөтүнүн кадрларды даярдоо боюнча саясатын колдоо жана Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү максатында Япониянын ЖОЖдорунда магистр даражасын алуу мүмкүнчүлүгүн берет.

КРФМ

1 сүрөттөр

0.00MB

Тиркелген файлдар

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Назик
766

Окшош жаңылыктар