Menu

Жылытууга кеткен чыгымды кантип азайтууга болот? Бишкектиктерге жылуулук насостору жана жеңилдетилген насыя тууралуу маалымат берилди.

Жылытууга кеткен чыгымды кантип азайтууга болот? Бишкектиктерге жылуулук насостору жана жеңилдетилген насыя тууралуу маалымат берилди.

КРФМ

Жылытуу мезгилинин алдында Энесай-1 конушунун тургундарына жылуулук насостору жана аларды орнотуу үчүн мамлекеттик жеңилдетилген насыя алуу шарттары тууралуу маалымат берилди. КР Финансы министрлигинин “Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу” долбоорунун алкагындагы жолугушуу 2026-жылдын  26-сентябрында № 21 мектепте өтүп, ага 73 адам катышты.

КР Финансы министрлигине караштуу КЛББнүн насыялоо боюнча консультанты Адилет Акматов Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундары жылдык 6% менен беш жылга чейин 1 млн сомго чейинки жеңилдетилген насыя ала аларын билдирди. Насыяны экологиялык жактан таза жылытуу системаларын сатып алууга, орнотууга жана ага байланыштуу чыгымдарды жабууга жумшоого болот.

Тургундардын суроолоруна жылуулук насостору боюнча адис Бахтияр Калимов да жооп берди. Ал жабдуу канча электр энергиясын керектээрин жана анын иштешине айына болжол менен канча каражат кетерин түшүндүрдү. Калимовдун айтымында, чыгым ар бир үй үчүн өзүнчө эсептелет: ага үйдүн аянты, жылуулукту кармоо деңгээли, жабдуунун өзгөчөлүктөрү жана аба ырайы таасир этет. Жылуулук насосу менен көмүргө кеткен чыгымдарды салыштырып, адис сунушталган эсептөөлөр боюнча жылуулук насосу менен жылытууга кеткен чыгым дээрлик төрт эсеге аз болушу мүмкүн экенин айтты.

Тургундар электр энергиясын берүү чектелгенде жылуулук насосу кандай иштээрине да кызыгышты. Электр энергиясы өчкөндө насос үйдү жылытууну токтотот, бирок үй дароо муздап кетпейт. Жылуулук канча убакыт сакталарын үйдүн жылуулукту кармоо деңгээли жана сырттагы абанын температурасы аныктайт. Электр энергиясы кайра берилгенде насос моделине жана жөндөөлөрүнө жараша автоматтык түрдө же кайра күйгүзүлгөндөн кийин ишин улантат.

Жолугушууда жылуулук насостору орнотулган үйлөр тууралуу видеороликтер да көрсөтүлдү. Жабдууну колдонуу тажрыйбасы катышуучулардын кызыгуусун жаратты.

Жолугушуу КР Финансы министрлиги Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу” долбоорунун алкагында өттү.

Анимациялык видеороликти жүктөп алуу үчүн шилтеме:
https://drive.google.com/drive/folders/1H_HtbVU5gnuA00xzUFjVvdiCM7fAlWQN?usp=sharing

 

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
1662

Окшош жаңылыктар