Тренддер
2022-жылдын январь-март айларына республикалык бюджеттин кассалык чыгашалары
Ведомстволук классификация – бюджеттик каражаттардын негизги башкаруучулары (башкаруучулары, алуучулары), бюджеттик ресурстардын тескөөчүлөрү болуп саналган мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана бюджеттик мекемелердин классификациясы.
Борбордук казыналыктын маалыматы боюнча, 2022-жылдын январь-март айлары үчүн республикалык бюджеттин кассалык чыгашасы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеткиликтүүлүгү чектелген маалыматтарды кошпогондо, 46 104 миллион сомду түздү. Анын ичинен бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акысына кассалык чыгашалар 10 100 миллион сомду, калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпулдарды төлөөгө 3 447 миллион сомду, социалдык камсыздандыруу боюнча жөлөкпулдарды төлөөгө 4,2 миллион сомду түздү. Калган каражаттар республикалык бюджеттин башка артыкчылыктуу чыгашаларын каржылоого жумшалат.
Тиркелген файлдар