Menu
Тренддер
ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН ЖАМААТЫ УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШТУН АРДАГЕРЛЕРИН КУТТУКТАДЫ
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары Э.Калдыбаев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери 1927-жылы туулган, «Германияны жеңгендиги үчүн» медалы менен сыйланган Михаил Николаевич Сухинин жана 1927-жылы туулган Петр Семенович Хищенкодон кабар алды.

Министрдин орун басары Финансы министрлигинин жамаатынын атынан белектерди тапшырып, ардагерлерге өлкөнүн тарыхына кошкон баа жеткис салымы үчүн терең ыраазычылык билдирип, келе жаткан – Жеңиш күнү менен куттуктады.
Э.Калдыбаев Жеңиш күнүн эскерүү эстафетасын кийинки муундарга мурас катары өткөрүп берүү - ар бир муун үчүн салттуу милдет экендигин баса белгиледи.