КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН ПЛЯЖДЫК ФУТБОЛ БОЮНЧА КОМАНДАСЫ КМШ ЖАНА ШКУ ӨЛКӨЛӨРҮНҮН ЭЛ АРАЛЫК ЫСЫК-КӨЛ СПОРТТУК ОЮНДАРЫНДА 4-ОРУНДУ БАГЫНТТЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН ПЛЯЖДЫК ФУТБОЛ БОЮНЧА КОМАНДАСЫ КМШ ЖАНА ШКУ ӨЛКӨЛӨРҮНҮН ЭЛ АРАЛЫК ЫСЫК-КӨЛ СПОРТТУК ОЮНДАРЫНДА 4-ОРУНДУ БАГЫНТТЫ

Финмин-ар дайым спорт жана сергек жашоону колдойт!

     Быйылкы оюндар "Азия-шериктештик жана тынчтык аймагы" деген ураан менен өтүүдө, ага 3 миңге жакын оюнчу катышууда. Таймаш Кыргызстан, Казакстан, Кытай Эл Республикасы, Өзбекстан, Россия, Түркия жана башка өлкөлөрдүн командаларынын ортосунда спорттун 24 түрү боюнча өткөрүлүүдө. Футбол боюнча мелдешке беш түрдүү курактагы 70  команда катышты.

    "Пляждагы Самбо" боюнча 58 килограммга чейинки салмак категориясында өткөн мелдеште Финансы министрлигинин адистери Жаныбеков Уланбек эл аралык Ысык-Көл оюндарынын күмүш медалын жеңип алса, +90кг салмак категориясында Эмилбеков Нурдин 4-орунду ээледи.

     Финансы министрлигинин катышуучуларын жеңиши менен куттуктайбыз жана мындан аркы ийгиликтерди багындыруусуна тилектешпиз!

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Сезим
337

Окшош жаңылыктар