Menu

Коррупцияга орун жок: Финансы министрлиги ачыктыкка чакырат

Коррупцияга орун жок: Финансы министрлиги ачыктыкка чакырат

КРФМ

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги коррупцияга каршы аракеттенүү маселелерине өзгөчө артыкчылык берип, ачыктыкты, отчеттуулукту камсыздоого жана коомдун ишенимин бекемдөөгө багытталган чараларды ырааттуу ишке ашырып келет.

Коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу жана аныктоо максатында Министрлик Кыргыз Республикасынын жарандарын активдүү жарандык позицияны карманууга жана коррупцияга каршы күрөшүүгө көмөк көрсөтүүгө чакырат.

Эгер сизге Финансы министрлигинин системасында коррупция фактылары жөнүндө маалымат белгилүү болсо, төмөнкү ишеним телефону аркылуу тез арада кабарлоону өтүнөбүз:
(0312) 62 53 13 (кошумча 4314).

Жарандардын бардык кайрылуулары мыйзамда белгиленген тартипте каралат. Министрлик келип түшкөн маалыматтын купуялуулугун, ошондой эле арыз ээлеринин укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарынын корголушун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кепилдейт.

Коррупцияга каршы аракеттенүү мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири болуп саналат жана мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун, ачыктыгын камсыздоонун, ошондой эле жарандардын ишенимин жогорулатуунун негизги шарты болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги коррупциянын алдын алуу механизмдерин өркүндөтүү жана өз ишмердүүлүгүндө ак ниеттүүлүк менен ачыктык принциптерин бекемдөө боюнча иштерин улантат.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
499

Окшош жаңылыктар