Menu
Тренддер
2022-2024-жылдарга коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча Финансы министрлигинин стратегиялык иш-чаралар планын талкуулоо боюнча тегерек стол
2022-жылдын 6-сентябрында Финансы министрлигинде Кыргыз Республикасынын 2022-2024-жылдарга коррупцияга каршы мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин стратегиялык иш-чаралар планын талкуулоо боюнча тегерек стол болуп өттү.
Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Коррупцияга каршы иштер кеңешинин Башкы катчысы жана мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин борбордук аппаратынын жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, Министрликтин Коомдук кеңешинин кызматкерлери, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
Тегерек столдун максаты - стратегиялык иш-чаралардын планы боюнча бирдиктүү позицияны иштеп чыгуу, ачык диалогду түзүү, министрликтин ишмердигинде ачыктык жана айкындуулук принцибин ишке ашыруу.
Башкы катчы Муканова Н.А. Кыргыз Республикасынын 2022-2024-жылдарга коррупцияга каршы мамлекеттик стратегиясы менен тааныштырып, коррупция менен күрөшүүнүн стратегиялык ыкмалары жана принциптери тууралуу кеңири айтып берди.
Коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Кожобергенов Н.Р. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин стратегиялык иш-чаралар планынын долбоорун сунуштап, стратегиялык индикаторлор, максаттуу индикаторлор, бул стратегиялык иш-чаралар планын ишке ашыруудагы ички жана тышкы көзөмөл жөнүндө айтып берди.
Пландын долбооруна ылайык, «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигиндеги коррупциянын деңгээлин жеке кабыл алуу» индексин 17,3 баллдан 42,3 баллга чейин (жылына 10 балл) жогорулатуу жолу менен коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү сунушталууда. министрликке болгон ишенимди +30га чейин жогорулатуу.
Талкуунун жүрүшүндө Муканова Н.А. мамлекеттик органдардын стратегиялык иш пландарында коррупцияга каршы чараларды ишке ашыруу боюнча конкреттүү иш-чаралар камтылышы керектигин баса белгиледи.
Тегерек столдун соңунда Кожобергенов Н.Р. бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирди.
7 сүрөттөр
19.08MB