КУВЕЙТ ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУ КРда АРТЫКЧЫЛЫГЫ БАР ДОЛБОРЛОРДУ КАРООГО ДАЯР

КУВЕЙТ ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУ КРда АРТЫКЧЫЛЫГЫ БАР ДОЛБОРЛОРДУ КАРООГО ДАЯР

Кувейтте Ислам өнүктүрүү банкынын Башкаруучулар кеңешинин жылдык жыйынында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин биринчи орун басары А.Касымалиев жана КР Финансы министри А.Бакетаев Кувейттин Экономикалык өнүктүрүү фондунун Операция башкармалыгынын директору Абдулла Аль-Мусайбих мырза менен жолугушту. Жолугушуу Сауд Аравия Королдугуна (КСА) болгон жумушчу сапарынын алкагында өттү.

Жыйындын жүрүшүндө А.Касымалиев Кыргыз Республикасындагы суу менен камсыздоо жана канализация системасын өнүктүрүү жаатындагы калктын социалдык деңгээлин көтөрүүгө багытталган долбоорду ишке ашыруу маселесин кароону сунуштады.
Кувейт  тарап 1 млн АКШ долларын түзгөн инфраструктуралык долбоорлордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу үчүн гранттык-техникалык жардамды бекитүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымдады. Муну менен катар Кувейт Фонду менен биргелешкен долбоорлорду туруктуу ишке ашырууга максималдуу мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. 
Тараптар биргелешкен аракеттерди активдештирүү учуру келгенин белгилешти.

1 сүрөттөр

5.95MB

Бөлүшүү

Түзүлгөн

-
2332