“КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА КИЧИ, ЧАКАН ЖАНА ОРТО ИШКАНАЛАР ҮЧҮН ТУРУКТУУ ФИНАНСЫ РЫНОГУН ӨНҮКТҮРҮҮ” ДОЛБООРУ  ММСП) В КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКЕ»

“КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА КИЧИ, ЧАКАН ЖАНА ОРТО ИШКАНАЛАР ҮЧҮН ТУРУКТУУ ФИНАНСЫ РЫНОГУН ӨНҮКТҮРҮҮ” ДОЛБООРУ ММСП) В КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКЕ»

КРФМ

Тапшырманын аталышы: “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ААК жана “Кепилдик фонд” ААК үчүн экологиялык маселелер боюнча консультант 

Шилтеме № (Сатып алуулар планына ылайык): DSFMMSME - IC-3.1

Кыргыз Республикасы “Кыргыз Республикасында кичи, чакан жана орто ишканалар (КЧОИ) үчүн туруктуу финансы рыногун өнүктүрүү” долбоорун (Долбоор) ишке ашырууга Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан(Дүйнөлүк банк) каржылоо алган.

Долбоордун максаты жашыл жана башка туруктуу жеке каржылоону мобилизациялоо жана финансылык мекемелердин потенциалын өстүрүү аркылуу КЧОИни каржылоонун туруктуу рыногун өнүктүрүүнү колдоо болуп саналат.

Бул Долбоорду аткаруу агенттиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (мындан ары – Министрлик), ал эми 1-компонент “Жашыл жана туруктуу каржылоо” боюнча ишке ашыруу агенттиги“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ААКсы жана 2-компонент “Жашыл кепилдиктер” боюнча “Кепилдик фонд” ААКсы болуп саналат.

Долбоордун алкагында экологиялык талаптарды аткаруу, ошондой эле Долбоорду экологиялык принциптерге жана стандарттарга шайкеш келтирүү максатында 
ESS9 – “Финансылык ортомчулар” стандартын билүү менен экологиялык маселелер боюнча квалификациялуу консультантты жалдоо каралууда. Бул максатта Консультант “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ААКсы жана “Кепилдик фонд” ААКсы ишине тартылат. 

Бир кыйла толук маалыматты төмөндө тиркелген Техникалык тапшырмадан алууга болот.

Министрлик жогоруда баяндалган кызмат көрсөтүүлөрдү берүү үчүн жеке консультанттарды өз кызыгуусун билдирүүгө чакырат. Кызыкдар адамдар жогоруда аталган зарыл болгон кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу үчүн зарыл болгон квалификацияга жана тиешелүү тажрыйбага ээ болгондугун көрсөткөн маалыматты (резюме) берүүгө тийиш.

Бул тапшырманы аткаруу үчүн потенциалдуу Консультант төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келүүгө тийиш:

1. Экология, курчап турган-чөйрөгө тийгизген таасирин талдоо, тиешелүү тармактарда экология же башка ушул сыяктуу тармактагы жогорку билим;

2. Тиешелүү чөйрөдө 5 жылдан кем эмес кесиптик тажрыйбасы; 

3. Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү; 

4. Курчап турган-чөйрөнү коргоо боюнча документтерди иштеп чыгууда далилденген тажрыйба;

5. Эл аралык уюмдар тарабынан каржыланган ушул сыяктуу долбоорлордо иш тажрыйбасынын болушу –артыкчылыктуу болот;

6. Мамлекеттик жана расмий тилдерди (жазуу жана оозеки) билүү милдеттүү, англис тилин (жазуу жана оозеки) билүү – артыкчылыктуу болот; жана

7. Компьютердик сабаттуулук: Word, Excel, Power Point сыяктуу Windows чөйрөсүндөгү программаларды билүү.

​Дүйнөлүк банктын кызыкчылыктар кагылышы жөнүндө саясаты баяндалган 2023-жылдын сентябрында кабыл алынган (Сатып алуу эрежелери, бешинчи басылышы) редакциядагы – товарларды, жумуштарды, консультациялык эмес жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну -Инвестициялык долбоорлорду каржылоонун карыз алуучулар үчүн Сатып алуу эрежелеринин 3.14 жана 3.21-параграфтарына Кызыкдар Консультанттардын көңүлүн бурабыз.

Консультант Сатып алуу эрежелеринде баяндалган жеке консультанттарды тандоо методуна ылайык тандалат.

Бир кыйла толук маалымат майрам күндөрүн кошпогондо, дүйшөмбүдөн жумага чейин иш убактысында (9:00-18:00) төмөндө көрсөтүлгөн дарек боюнча берилиши мүмкүн.

 

Кызыгууну билдирүү жазуу жүзүндө (өз колу менен же электрондук почта аркылуу) төмөнкү дарек боюнча 2025-жылдын 13-октябрында жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:00дөн кечиктирилбестен берилүүгө тийиш.

Дарек:

КР Финансы министрлигинин алдындагы Кредиттик линияларды башкаруу бөлүмү.

720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек, Чүй проспекти 114, 402-кабинет.

Тел: +996 701059305

E-mail: office@piu.kg

Тиркелген файлдар

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
435

Окшош жаңылыктар