КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН 2026–2030-ЖЫЛДАРГА ФИСКАЛДЫК САЯСАТЫНЫН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН 2026–2030-ЖЫЛДАРГА ФИСКАЛДЫК САЯСАТЫНЫН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ

КРФМ

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 82-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын 2026–2030-жылдарга фискалдык саясатынын негизги багыттарын жарыялайт.

Негизги багыттар фискалдык туруктуулукту чыңдоого жана макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылууга багытталган чаралардын комплексин камтыйт. Документ мамлекеттик финансыларды башкаруу тармагында түзүмдүк реформаларды жүргүзүүнү, ошондой эле чыгымдык милдеттенмелерди оптималдаштырууну жана алардын эффективдүүлүгүн жогорулатууну көздөйт.

Кыргыз Республикасынын 2026–2030-жылдарга фискалдык саясатынын негизги багыттарында экономиканы өнүктүрүүгө чыгымдарды көбөйтүү, анын ичиндеэнергетика, транспорт, ирригация жана айыл чарба сыяктуунегизги тармактарда ири инвестициялык долбоорлордуишке ашыруу каралган. Ошону менен катар, башкыприоритеттердин бири калктын жашоо сапатынжогорулатууга багытталган саламаттык сактоо, социалдыккоргоо, пенсиялык камсыздоо тармактарын камтыгансоциалдык маанилүү программаларды колдоо болупсаналат.

Кыргыз Республикасынын 2026–2030-жылдарга фискалдык саясатынын негизги багыттары орто мөөнөттүү макроэкономикалык божомолду жана орто мөөнөттүү бюджеттик негизди камтыйт, анын ичинде 2026–2028-жылдарга республикалык бюджеттин долбоорун түзүү үчүн бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү боюнча контролдук сандардын ченемдерин камтыйт.

 

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Сезим
546

Окшош жаңылыктар