Menu

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНДЕ “УЛУТТУК ДЕМ - ДҮЙНӨЛҮК БИЙИКТИК” УҢГУЖОЛУН ЖАЙЫЛТУУГА ЖАНА 4-ДЕКАБРЬ “МАНАС” ЭПОСУНУН КҮНҮНӨ КАРАТА ИШ-ЧАРА БОЛУП ӨТТҮ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНДЕ “УЛУТТУК ДЕМ - ДҮЙНӨЛҮК БИЙИКТИК” УҢГУЖОЛУН ЖАЙЫЛТУУГА ЖАНА 4-ДЕКАБРЬ “МАНАС” ЭПОСУНУН КҮНҮНӨ КАРАТА ИШ-ЧАРА БОЛУП ӨТТҮ

КРФМ

 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 369 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын “Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун жайылтуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги № 259 “Кыргыз Республикасында “Манас” эпосунун күнүн белгилөө жөнүндө” токтомуна ылайык  4-декабрь “Манас” эпосунун күнүнө карата иш-чарада Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, “Манас-мурас” коомдук фондунун жетекчисинин милдетин аткаруучу, “Манас” банкынын стипендианты, акын жана манасчы Исаков Рысбай, ошондой эле манасчы, манас таануучу жана “Манас” театрынын директору Талантбеков Нурбек Уңгужолдун багыттары, Манас” эпосундагы финансылык терминдер жана финансы маселелери кандай жүргүзүлгөндүгү жөнүндө кызматкерлерге лекция өтүштү. 
Лекциянын жүрүшүндө “Манас” эпосундагы салык, бажы маселелери кандай жүргүзүлгөндүгү, жалпы финансы иштери жөнүндө терең түшүнүктөр айтылды. Кызматкерлер кызыгуу менен суроолорун берип, Манас атабыздын, Каныкей энебиздин тарбиялык насааттарын алышты.
Иш-чаранын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Дуйшеева Жибек Курманбековна манасчыларга кызыктуу маалыматтар менен бөлүшкөндөрү үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
759

Окшош жаңылыктар