Menu

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТЕЛЕВИДЕНИЕ ЖАНА РАДИО КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЕСИПТИК КҮНҮНӨ КАРАТА КУТТУКТОО

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТЕЛЕВИДЕНИЕ ЖАНА РАДИО КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЕСИПТИК КҮНҮНӨ КАРАТА КУТТУКТОО

МФКР

Урматтуу замандаштар!
       Бүгүн биз өлкөбүздүн маалыматтык мейкиндигинде өзгөчө мааниге ээ болгон майрамды белгилеп жатабыз — Кыргыз телевидениеси жана радиосу күнүн.
     1958-жылы, дал ушул 8-декабрда Фрунзе шаарында биринчи телестудиянын ачылышы менен кыргыз телевидениесинин тарыхы башталган. Ошол күндөн тартып телевидение жана радио өлкө турмушунун күзгүсү, коомдук пикирдин аянтчасы, маданияттын алып жүрүүчүсү болуп келе жатат. 1995-жылы бул дата расмий кесиптик майрам катары белгиленип, бүгүнкү күндө да өз маанисин жоготпойт.
         Телерадио тармагынын урматтуу өкүлдөрү!
      Сиздердин эмгегиңиздер – өлкөнүн өнүгүүсүнө түздөн-түз салым кошкон, коомду бириктирген, маалымат менен агартуунун маанилүү көпүрөсү. Сөздүн күчү, чындыкты айтуудагы жоопкерчилик, аудиторияга таза жана так маалымат жеткирүүдөгү кесипкөйлүк – бул силердин күнүмдүк милдетиңер жана коом үчүн баа жеткис кызмат.
     Мен сиздерге мындан аркы ишиңиздерде чың ден соолук, чыгармачылык энергия, илимий-техникалык өнүгүүгө умтулуу, жаңы ийгиликтер жана аудиторияңыздардын терең ишенимин каалайм. Эмгегиңиздер ар дайым элге кызмат кылып, маданиятты, билимди жана сапаттуу маалыматты жайылтып турсун.

Майрамыңыздар менен!
Урматтоо менен,
Алмаз Бакетаев
Кыргыз Республикасынын Финансы министри

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
478

Окшош жаңылыктар