Menu

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ МЕНЕН ЕРӨБ ТУРУКТУУ ТРАНСПОРТТУ ӨНҮКТҮРҮҮНҮ ТЕЗДЕТҮҮДӨ: 14 МЛН ЕВРОНУ ТҮЗГӨН  КЕЛИШИМДЕРГЕ КОЛ КОЮЛДУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ МЕНЕН ЕРӨБ ТУРУКТУУ ТРАНСПОРТТУ ӨНҮКТҮРҮҮНҮ ТЕЗДЕТҮҮДӨ: 14 МЛН ЕВРОНУ ТҮЗГӨН КЕЛИШИМДЕРГЕ КОЛ КОЮЛДУ

КРФМ

 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) ортосунда «Ош шаарындагы шаардык транспортту электрлештирүү» долбоорун ишке ашыруунун алкагында финансылык макулдашууларга — кредиттик жана гранттык макулдашууларга кол коюу аземи болуп өттү.

            Иш-чаранын алкагында жалпы суммасы 14 миллион еврону түзгөн келишимдерге кол коюлду.

Долбоор Ош шаарында экологиялык жактан таза, коопсуз жана заманбап электр шаардык транспортун киргизүүгө жана тиешелүү шаардык инфраструктураны модернизациялоого багытталган. Бул долбоордун ишке ашырылышы шаардагы транспорттук тейлөөнүн сапатын кыйла жакшыртууга, парник газдарынын жана зыяндуу заттардын чыгышын азайтууга, ошондой эле шаардын калкы үчүн жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

Кол коюлган макулдашуулар Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын туруктуу өнүгүүгө, “жашыл” трансформацияга жана экономиканын негизги секторлорунда өнөктөштүктү чыңдоого болгон жалпы умтулуусун тастыктайт.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Сезим
3039

Окшош жаңылыктар