Menu
Тренддер

Кыргызстан деңизге чыгууга мүмкүнчүлүк алды
КР Финансы министринин орун басары Руслан Татиков Бириккен Араб Эмираттары менен сооданы өнүктүрүү жана экономикалык байланыштарды чыңдоо алкагындагы жолугушуудагы келишимге катышты. Жолугушууда эмираттык компания Абу-Дабинин эркин экономикалык аймагында логистикалык борборду жана бажы тармагын өнүктүрүү максатында Халифа Порто Абу-Даби портунан 30 гектардан ашык жерди Кыргыз Республикасына бөлүп берүү келишимине кол коюлду.
Ошондой эле, “Maqta Gateway” Финансы министрлиги үчүн бажы жана чек ара көзөмөлүн, инфраструктураны, анын ичинде улуттук “Бирдиктүү терезе” түзүү аркылуу модернизациялоо жана санариптештирүү стратегиясын демилгелейт.
Бул макулдашууларга кол коюу чечими Кыргыз Республикасынын Президентинин Бириккен Араб Эмираттарына жумушчу сапарынын алкагында БАЭнин жогорку жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кабыл алынды.




4 сүрөттөр
0.91MB