Тренддер
Кыргыз Республикасы «Адам капиталын өнүктүрүү боюнча чемпион өлкө» катары эл аралык деңгээлде таанылды
КРФМ
Кыргыз Республикасы Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фондунун Жазгы жолугушууларынын алкагында «Адам капиталын өнүктүрүү боюнча чемпион өлкө» катары эл аралык деңгээлде таанылды
Бул макам Дүйнөлүк банктын тобу тарабынан Адам капиталы плюс индекси (HCI+) боюнча жүргүзүлгөн баалоонун жыйынтыгында ыйгарылды. Индекстин жыйынтыгына ылайык, Кыргыз Республикасы киреше деңгээли окшош өлкөлөрдүн арасында алдыңкы орундардын бирине чыгып, негизги социалдык тармактарды өнүктүрүүдөгү туруктуу прогрессти тастыктады.
Дүйнөлүк банктын эксперттери адам капиталына байланышкан көрсөткүчтөрдү, анын ичинде билим берүү деңгээлин, медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн, балдардын өнүгүүсүн, өмүрдүн узактыгын жана мамлекеттик инвестициялардын көлөмүн талдайт. Баалоо ЮНИСЕФ, Эл аралык валюта фонду жана башка абройлуу эл аралык уюмдардын маалыматтарынын негизинде түзүлөт.
Бул макамдын ыйгарылышы акыркы жылдары Кыргызстан бардык көрсөтүлгөн багыттар боюнча реалдуу жана өлчөнүүчү ийгиликтерди көрсөтүп жатканын, ошондой эле жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясат өз натыйжасын берип жатканын билдирет.
Расмий сыйлык тапшыруу аземи Дүйнөлүк банк тарабынан уюштурулган «Адам капиталы платформасы» иш-чарасында өттү. Анын жүрүшүндө Дүйнөлүк банктын адам капиталын өнүктүрүү боюнча вице-президенти Мамта Мурти сыйлыкты Кыргыз Республикасынын финансы министри Руслан Суйналиевге тапшырды. Өз кезегинде министр адам капиталына инвестицияларды мындан ары да күчөтүү өлкөнүн негизги улуттук өнүгүү артыкчылыктарынын бири бойдон каларын белгиледи.
Кыргыз Республикасы жетишилген жыйынтыктарга берилген жогорку баа үчүн Дүйнөлүк банктын тобуна ыраазычылык билдирип, туруктуу жана инклюзивдүү өсүш үчүн мындан аркы кызматташууга даяр экенин ырастады.
Бул таануу Кыргызстандын эл аралык аренадагы позициясын бекемдеп, адам капиталына инвестиция салуу аркылуу узак мөөнөттүү өнүгүү багыты туура тандалганын дагы бир жолу тастыктайт.
5 сүрөттөр
0.00MB