Menu

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ АЛТЫН МЕНЕН КАМСЫЗДАЛГАН USDKG УЛУТТУК СТЕЙБЛКОИНДИН АЛГАЧКЫ ЭМИССИЯСЫН ИШКЕ КИРГИЗДИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ АЛТЫН МЕНЕН КАМСЫЗДАЛГАН USDKG УЛУТТУК СТЕЙБЛКОИНДИН АЛГАЧКЫ ЭМИССИЯСЫН ИШКЕ КИРГИЗДИ

КРФМ

 

 

            Бүгүн, 20-ноябрда, Кыргыз Республикасынын финансы министри Алмаз Бакетаев физикалык алтын менен камсыздалган жана АКШ долларына байланган улуттук стейблкоин USDKG - санариптик токендин алгачкы эмиссиясын расмий ишке киргизүү аземине катышты.

 Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана “Виртуалдык Активдердин Эмитенти” ААК Башкармалыгынын Төрагасы                       Бийболот Мамытов катышты.

            Аземдин жүрүшүндө катышуучулар “Эмиссияны ишке киргизүү” баскычын басып, Tron түйүнүндө 50 000 000 даана USDKG токенинин чыгарылышын жана жүгүртүүгө берилгенин расмий түрдө жарыялашты. Ар бир токен бир АКШ долларына барабар болуп, физикалык алтын менен толук камсыздалган.

            USDKG - бул Кыргыз Республикасы тарабынан толук колдоого алынган, алтын менен камсыздалган стейблкоин. Ачык, коопсуз жана туруктуу санарип валютасы катары иштелип чыккан USDKG алтындын ишенимдүүлүгүн жана блокчейн технологияларынын натыйжалуулугун айкалыштырат.

            Бул долбоордун ишке кириши Кыргызстанга глобалдык финансы экосистемасындагы позициясын бекемдөө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Ошондой эле ал блокчейн чечимдери аркылуу мамлекет менен жеке сектордун өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылган борбордон ажыратылган сервистердин Web3-экосистемасынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө негиз түзөт. 

             Мындан тышкары, USDKG капиталдын агымы жана технологиялык өнөктөштүк үчүн шарттарды түзүү менен Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатат.

             Реалдуу активдер менен камсыздалган стейблкоинди киргизүү аркылуу демилге финансылык инновацияларга болгон ишенимди бекемдейт жана санариптик инструменттер материалдык камсыздоого ээ болуп, экономиканын өнүгүшүнө кызмат кыла аларын көрсөтөт.

             USDKG эмиссиясын 100% мамлекеттик үлүшкө ээ болгон “Виртуалдык Активдердин Эмитенти” ААК ишке ашырат. Бул өз кезегинде жогорку деңгээлдеги ишенимдүүлүктү жана институционалдык туруктуулукту камсыздайт.    

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
703

Окшош жаңылыктар