Кыргызстан менен Өзбекстан каржылык кызматташууну чыңдоодо: Вашингтондо Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду

Кыргызстан менен Өзбекстан каржылык кызматташууну чыңдоодо: Вашингтондо Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду

КРФМ

 

Вашингтондо өткөн Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык валюта фондунун Жылдык жыйындарынын алкагында Кыргыз Республикасынын финансы министри Алмаз Кушбекович Бакетаев Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду.

Бул документ эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана өз ара колдоо принциптерине негизделген эки тараптуу мамилелерди чыңдоодо кезектеги маанилүү кадам болуп калды. Бул принциптер Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы түбөлүк достук тууралуу келишимде жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк тууралуу декларацияда бекемделген.

Меморандум каржы тармагында эки тараптуу диалогду уюштурууну, тажрыйба алмашууну жана форумдар, конференциялар, семинарлар, симпозиумдар сыяктуу биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү карайт. Ошондой эле эл аралык каржылык уюмдар менен өз ара аракеттенүү боюнча биргелешкен иш жүргүзүү пландалууда.

Кол коюлган меморандум кызматташуунун конкреттүү багыттары боюнча практикалык иш-аракеттердин планын ("жол карталарын") жана кызматташуу программаларын иштеп чыгууга негиз болот. Бул эки өлкөнүн каржылык системаларынын интеграциясын бекемдөөгө жана туруктуу экономикалык өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жол ачат.

Кыргыз Республикасы Өзбекстан менен өнөктөштүк мамилелерди активдүү өнүктүрүүгө даяр экенин дагы бир жолу тастыктап, туруктуу өсүштү камсыз кылуу жана эки элдин жыргалчылыгын арттыруу үчүн күч-аракеттерди бириктирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Сезим
583

Окшош жаңылыктар