Menu

Кыргызстан менен Япония транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүүгө грант берүү боюнча келишимдерге кол коюшту

Кыргызстан менен Япония транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүүгө грант берүү боюнча келишимдерге кол коюшту

КРФМ

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Финансы министри Руслан Суйналиев менен Япония Өкмөтүнүн атынан Япониянын тышкы иштер министринин парламенттик орун басары Эри Арфия жолугушуп, Алмашуу ноталарына жана Гранттык макулдашууга кол коюушту.

Гранттык колдоонун жалпы көлөмү 533 млн япон иенин (болжол менен 4 млн АКШ долларын) түзөт.


Каражаттар жол-транспорт техникасын сатып алууга багытталат. Бул Кыргызстандагы транспорттук инфратүзүмдү  өнүктүрүү жана модернизациялоо боюнча иштердин техникалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана алардын натыйжалуулугун жогорулатууга шарт түзөт.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана япон тараптын өкүлдөрү, анын ичинде Япониянын тышкы иштер министринин парламенттик орун басары Эри Арфия жана Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров катышты.

Япония тарабынан көрсөтүлүп жаткан жаңы гранттык колдоо Кыргызстандын техникалык базасын мындан ары чыңдоого жана инфратүзүмдүк  долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап Япониянын Өкмөтүнө жана элине, ошондой эле Япониянын Эл аралык кызматташтык боюнча агенттигине (JICA) өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көп жылдардан бери көрсөтүп келе жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Тараптар ошондой эле мындан аркы кызматташтыктын перспективдүү багыттарын, анын ичинде саламаттык сактоо, энергетика, чакан жана орто бизнести колдоо, шаардык транспорт жана санариптештирүү чөйрөлөрүндөгү долбоорлорду талкуулашты.

Өзгөчө көңүл JDS программасына бурулду. 2026-жылы аталган программанын Кыргызстанда иштеп келе жатканына 20 жыл толду. Бул мезгил аралыгында Кыргыз Республикасынын 300дөн ашуун мамлекеттик кызматкери Япониянын алдыңкы университеттеринде билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Бүгүнкү келишимдерге кол коюлушу кыргыз-япон узак мөөнөттүү кызматташтыгынын кезектеги практикалык натыйжасы болуп, Кыргыз Республикасынын транспорттук инфратүзүмүн өнүктүрүүгө салым кошот.

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
2014

Окшош жаңылыктар