Menu

Жылытуу системаларын жеңилдетилген шартта каржылоо: пайыздык чен 6%га чейин төмөндөтүлдү

Жылытуу системаларын жеңилдетилген шартта каржылоо: пайыздык чен 6%га чейин төмөндөтүлдү

КРФМ

Бишкек шаарынын, ошондой эле Аламүдүн жана Сокулук райондорунун тургундары үчүн экологиялык жактан таза жылытуу системаларын жеңилдетилген шартта каржылоо мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди. Калк үчүн насыянын пайыздык чени жылдык 6%га чейин төмөндөтүлдү.

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен биргеликте атмосфералык абанын булгануу деңгээлин төмөндөтүүгө жана калк менен бизнести экологиялык жактан таза жылытуу технологияларына өткөрүүгө багытталган «Абанын сапатын жакшыртуу» долбоорун ишке ашырууда.

Долбоордун алкагында Бишкек шаарынын, Аламүдүн жана Сокулук райондорунун тургундарына, ошондой эле бизнес өкүлдөрүнө экологиялык жактан таза жылытуу системаларын сатып алууга жана орнотууга жеңилдетилген шартта каржылоо программасы улантылууда.

Долбоордогу негизги жаңылыктардын бири – калк үчүн берилүүчү насыялардын пайыздык ченинин жылдык 6%га чейин төмөндөтүлүшү болду. Бул чечим заманбап экологиялык таза жылытуу технологияларынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана таза энергия булактарына өтүүнү стимулдаштырууга багытталган.

Жеңилдетилген каржылоо долбоордун өнөктөш банктары аркылуу атмосферага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтууга жана абанын сапатын жакшыртууга өбөлгө түзгөн жабдууларды сатып алууга жана орнотууга гана берилет.
Калк үчүн каржылоонун шарттары:

•    насыянын суммасы – 1 000 000 сомго чейин;
•    насыянын мөөнөтү – 60 айга чейин;
•    пайыздык чени – жылдык 6%.
Жабдуу жеткирүүчүлөр үчүн шарттар:
•    насыянын суммасы – 5 000 000 сомго чейин;
•    насыянын мөөнөтү – 60 айга чейин;
•    пайыздык чени – жылдык 10%.
Жеңилдетилген каржылоонун максаттуу багыттары
Каржылоо төмөнкү жабдууларды сатып алууга, жеткирүүгө жана орнотууга берилет:
•    ар түрдүү конфигурациядагы жылуулук насостору (аба–суу, аба–аба, суу–суу, жер–суу);
•    имараттарды муздатуу жана кондиционерлөө үчүн жылуулук насостору;
•    электр казандары;
•    инфракызыл керамикалык жылыткычтар жана радиаторлор;
•    жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо үчүн күндүн жылуулук коллекторлору;
•    күн фотоэлектр панелдери (PV) жана энергияны топтоо системалары;
•    электр энергиясы жана башка таза энергия булактары менен иштеген генераторлор жана аккумулятордук батареялар.
Долбоорду ишке ашыруу экологиялык абалды жакшыртууга, атмосфералык абанын булгануу деңгээлин төмөндөтүүгө жана калктын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган.

Долбоорго катышкан банктар:
«A-Банк» ААК
Тел.: 5511
«Элдик Банк» ААК
Тел.: 9111
«БАКАЙ БАНК» ААК
Тел.: 6111

Байланыш үчүн:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
Бишкек шаары, Чүй проспекти, 114, 401-кабинет
Электрондук почта: office@piu.kg, a.akmatov@piu.kg
Тел.: +996 506 667 676

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

User
2186

Окшош жаңылыктар