“БАТКЕН ОБЛУСУНА ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН КАРЖЫЛОО - 2”

“БАТКЕН ОБЛУСУНА ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН КАРЖЫЛОО - 2”

Баткен облусун өнүктүрүү жана калкына мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августунда №508-тескемеси чыгып, анда “Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо-2” долбоору бекитилген.

Долбоордун максаты Баткен облусун андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ишкердик субъекттерине жана жеке жактарга жеткиликтүү жана жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүү жолу менен мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышууда, аларды кредиттөөнүн көлөмү 350,0 млн сомду түзүүдө.

2023-жылдын 21-декабрына карата  бул Долбоордун алкагында Баткен облусунун 358 ишкердик субъекттерине 316,6 млн сом суммасында жеңилдетилген насыя берилген.

 

1 сүрөттөр

0.00MB

Тиркелген файлдар

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Сезим
814

Окшош жаңылыктар