МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАР ЖӨНӨКӨЙЛӨШТҮРҮЛҮҮДӨ

МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАР ЖӨНӨКӨЙЛӨШТҮРҮЛҮҮДӨ

Финансы министринин орун басары Улугбек Календеров тендерге тиешелүү мыйзам эмнеге жана кандай өзгөртүлүп жатканын айтып берди.

Мамлекеттик сатып алуу процедуралары жөнөкөйлөштүрүлүп, андагы айрым тоскоолдуктар жоюлууда. Улугбек Календеровдун айтымында, тиешелүү мыйзамга өзгөртүү киргизүү бюджеттик каражатты эффективдүү колдонууга мүмкүндүк түзөт.

"Мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамга "өкмөт" деген сөздү "министрлер кабинетине" алмаштыруу сыяктуу редакциялык мүнөздөгү өзгөртүүлөр киргизилүүдө. Ошондой эле "тендер" деген түшүнүк "сатып алуу процедуралары" менен алмаштырылып жатат. Соңку убакта тендер коомчулукта терс ассоциация болуп калды. Мындан тышкары, мыйзам ЕАЭБдеги нормативдик документтерге ылайыкташтырылууда. Эң башкысы, сатып алуу процедураларын эффективдүү, жөнөкөй жүргүзүүгө шарт түзүлүүдө. Маселен, окуу куралдары, китептер, интеллектуалдык продукцияларды жана башка бир катар товарларды түз сатып алууга уруксат берилүүдө. Чыгармачыл адамдар, интеллектуалдар тендер процедураларына катышууга кызыкдар эмес. Башкача айтканда, буга чейин сатып алуу процедурасындагы коррупциялык тобокелчиликтер, тоскоолдук жаратууда деген нормалар өзгөртүлүүдө. Ошол эле учурда бул багыттагы ачык-айкындуулук толугу менен сакталууда. Электрондук портал аркылуу аны коомчулуктун көзөмөлдөөсүнө мүмкүндүк бар", — деди У. Календеров.

Бөлүшүү

Түзүлгөн

Алтынай
2406