Медет Назаралиев: Биз ички инвесторлордун тизмесин түзүп, жарандарыбызга инвестицияга каражат салуу жолун баштоого жардам берүүнү көздөп жатабыз

Медет Назаралиев: Биз ички инвесторлордун тизмесин түзүп, жарандарыбызга инвестицияга каражат салуу жолун баштоого жардам берүүнү көздөп жатабыз

Кыргыз фондулук биржасынын соода аянтчасында МКВны-12 айлык жана МКО-2 жылдык жүгүртүү мөөнөттөрүн жайгаштырууга жана жүгүртүүгө багытталган КР Финансы министрлигинин жана КФБнын өкүлдөрүнүн катышуусунда Кабар маалымат агенттигинде пресс-конференция болуп өттү.

Медет Назаралиев, Кыргыз фондулук биржасынын президенти:

"МБКларды жайгаштыруунун негизги максаты - биржада мамлекеттик баалуу кагаздар секторун өнүктүрүүгө тышкы жана ички инвестицияларды тартуу. Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, мамлекеттик баалуу кагаздар капиталдык салымдардын эң ишенимдүү жана ликвиддүү каражаты болуп саналат. МБК рыногун өнүктүрүү улуттук финансы рыногун өнүктүрүүгө жана жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө өбөлгө түзөт. Бүткүл дүйнө жүзүндө МБКларды эмиссиялоо жолу менен тартылган каражаттар максаттуу инвестициялык программаларды жана капиталды сыйымдуу маанилүү социалдык долбоорлорду каржылоонун маанилүү булагы катары чыга алат. МБК жылдык 8-15% астында жайгаштырылат, бул пайдалуу инвестиция, ал мамлекеттик кепилдик менен камсыздалат.  Биз ички инвесторлордун тизмесин түзүп, жарандарыбызга инвестицияга каражат салуу  жолун баштоого жардам берүүнү көздөп жатабыз. Бул үчүн миллиондогон адамдардын кереги жок, көпчүлүк ойлогондой, кичинеден баштап, акырындык менен өзүнүн инвестициялык портфелин курууга болот. Баса белгилеп кетким келет, мамлекет сиздердин МБКга салган каражаттарыңыздарга толук кепилдигин берет!"

Бөлүшүү

Тэгдэр

Түзүлгөн

Алтынай
1614