ФИНАНСЫ МИНИСТРИГИНИН БИШКЕК ШААРЫНДА БОЛУП ӨТКӨН ЭЛДИК КУРУЛТАЙДА ДЕЛЕГАТТАРДЫН КАЙРЫЛУУЛАРЫ БОЮНЧА АТКАРЫЛГАН ИШ-ЧАРАЛАРЫ

ФИНАНСЫ МИНИСТРИГИНИН БИШКЕК ШААРЫНДА БОЛУП ӨТКӨН ЭЛДИК КУРУЛТАЙДА ДЕЛЕГАТТАРДЫН КАЙРЫЛУУЛАРЫ БОЮНЧА АТКАРЫЛГАН ИШ-ЧАРАЛАРЫ

Мектептердин, бала бакчалардын, жолдордун капиталдык курулушу эң актуалдуу маселелердин бири болду.

Жалпысынан 2022-жылдын республикалык бюджеттин "Капиталдык салымдар" беренеси аркылуу каржылануучу курулуш жана реконструкциялоо объекттеринин Тизмесинде (К.А.Асанов)Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Кең-Арал айылындагы спорт комплексинин курулушуна 500 миң сом, (К.Э.Сакабеков) Талас облусунун Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылындагы Батырбашиев Досманбет атындагы Чалдыбар гимназиясынын курулушуна 24,0 млн. сом, (М.Ызабеков, Э.Суйутбеков) Талас районунун Бакай-Ата районунун Шадыкан айыл аймагына караштуу Ынтымак айылындагы Э.Капалов атындагы мектептин курулушуна 15,0 млн сом, (К.Акматов) Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Ак-Тоок, Кыз-Көл жана Каду айылдарында ичүүчү суу менен камсыздоо системасын куруу иштерине 30,0 млн. сом, (З.Усеналиев) Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнө караштуу Чаек айылында жайгашкан Ч.Дуйшеев атындагы музыкалдык мектебине кошумча корпустун куруу иштерине 15,0 млн. сом, (Т.Г.Мырзакулов) Нарын облусунун Жумгал районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Дөбө айылында жайгашкан 225 орундуу мектептин куруу иштерине 15,9 млн.сом, (А.Р.Абытканов) Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жайгашкан №4 Шопоков атындагы орто мектептин куруу иштерине 11,0 млн. сом, (Т.Элтуйбасов) Нарын облусунун Кочкор районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Кыя айылында жайгашкан 150 орундуу Ү.Бейшеев атындагы мектептин куруу иштерине мамлекеттик заказчынын билдирмелерине ылайык 13,0 млн. сом,  (Ш.Бейшембиев) Нарын облусунун Нарын районунун Кара-Кужур айыл өкмөтүнө караштуу Жер-Көчкү айылында жайгашкан 150 орундуу Б.Кыязов атындагы мектептин куруу иштерине мамлекеттик кардардын билдирмелерине ылайык 15,0 млн. сом, (А.Бадалов) Кара-Суу районуна караштуу Нариман айыл аймагындагы Нариман айылындагы 100 орундуу бала бакчанын курулуш иштерине 500 миң сом, (И.Нишанов) Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Курбан-Кара айылындагы Н.Исанов атындагы №3 орто мектебинин курулуш иштерине 27,0 млн. сом, (Ш.Т.Сасыкулов) Нарын облусунун Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Жылдыз айылында жайгашкан 225 орундуу К.Акыев атындагы мектептин куруу иштерине 10,0 млн. сом, акча каражат каралып, мамлекеттик курулуш заказчысынын берген билдирмелерине ылайык толугу менен каржыланган.

КР Финансы министрлиги төмөнкү делегаттардын кайрылган курулуш иштери  боюнча республикалык бюджеттин «Капиталдык салымдар» беренесинен каржылануучу курулуш жана реконструкциялоо объекттеринин тизмесине киргизип, керектелүүчү акча каражатын бөлүп берүү маселесин кийинки жылдары курулуш кардардын жана тиешелүү министрликтин берген билдирмелерине жана Жобого ылайык белгиленген тартипте каралып чыга тургандыгын билдирет.

Тизме: (Т.Б.Кушубаков) Талас облусунун Бакай-Ата районунун таза суу менен камсыз кылуу, (А.К.Халбеков) Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу №9 А.Орозбеков мектебинин капиталдык оңдоо, (Сопубеков Ш.С.)Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Оро айыл аймагына караштуу 1-май айылындагы жаңы мектептин, (О.А.Курамаев) Талас районунун Көпүрө-Базар, Талды-Булак, Ак-Коргон, айылдарына бейтапкананын, (Ш.Эрматов жана К.Исманов) Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Жаңы-Жер айылында 80 орундуу бала бакчанын имаратын куруу, (З.Усеналиев) Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнө караштуу Чаек айылындагы К.Асанов атындагы музыкалык драма театрынын куруу, (Т.Г.Мырзакулов) Нарын облусунун Жумгал районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Дөбө айылында жаңы бала бакчанын куруу, (Б.М.Умралиева) Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Михайловка айылында жайгашкан Т.Г.Шевченко атындагы орто мектебинин капиталдык оңдоо, (У.Т.Таштанбеков жана Ч.Таштанбеков) Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Жай-Терек айылында жайгашкан №29 А.Монокбаев атындагы орто мектебинин кошумча корпус менен спорт зал куруу иштерин, Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагынын (А.Бадалов) социалдык обьекттердин курулушу, Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн (Э.Т.Мурсеитов) ички жолдорунун жана Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолунун курулуш  иштеринин , Алай районунун Чоң-Бүлөлү айылындагы (К.Осмонов) А.Арзиев атындагы №37 орто мектебинин спорт залынын жана айыл ичиндеги жолдорун асфальт менен төшөө, Өзгөн районунун Ийри-Суу айыл аймагынын Жаңгакты айылындагы (Б.Мусаев) К.Тиленбаев атындагы №15 мектебинин спорт зал жана ашканасын куруу, Чүй облусунун Сокулук районунун Гавриловка айыл аймагынын (Г.К.Токоева) Гавриловка, Романовка, Жаңгарач айылдарын ичүүчү суу менен камсыздоо системасын калыбына келтирүү жана Романовка айылында бала бакчанын

Жалпы, Финансы министрлигинин “Капиталдык салымдар беренисинен” - 176,9 млн. сом каралды.

Андан тышкары, Кара-Кужур айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоору боюнча, теңдөөчү трансферттин көлөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №135 “Теңдөөчү трансферттердин көлөмдөрүн аныктоонун тартибин бекитүү жөнүндө” токтомун негизинде эсептелинип чыгат. Токтом менен бекитилген теңдөөчү трансферттердин жаңы системасы эски формуладан айырмаланып жаңы жөнөкөй эсепке өтүүнү карап, тактап айтканда, жергиликтүү бюджеттин өздүк  кирешесинен чыгашалары алынып  салынат да эгерде, айыл өкмөттүн  жергиликтүү бюджетинин киреше булагы аз болсо, формула менен эсептегенде айрымасына теңдөөчү трансферт берүүгө болот.

Кошумчалай кетсек, Финансы министрликтин тарабынан Курултайдан кайрылган жарандарга керектелүүчү суроолоруна кошумча кеңешме жардам көрсөтүлдү.

Бөлүшүү

Түзүлгөн

-
3163