Menu
Тренддер

БЮДЖЕТТЕР АРАЛЫК ТРАСФЕРТТЕР 2024-ЖЫЛДЫН 6 АЙЫНДА НАРЫН ОБЛУСУНА 304,5 МЛН СОМ КАРЖЫЛАНДЫ
"Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын январь-июнь айына карата республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары Нарын облусунун жергиликтүү бюджеттерине 304,5 млн. сом акча каражаты каржыланган, алар:
- "Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Теңдөөчү трансферттер – 185,3 млн. сомго каржыланган;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-апрелиндеги №206 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыс зоналарында жашаган абоненттерге керектелген электр энергиясы үчүн компенсация төлөөнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык, 50 пайыз компенсация төлөөгө – 35 млн.сом каржыланган;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү республикалык бюджеттен (статисттин эмгек акысы) – 2,2 млн.сомго каржыланган;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү республикалык бюджеттен (МКК эмгек акысы) – 4,4 млн.сомго каржыланган;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы “Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу программасын бекитүү тууралуу” №490 токтомуна ылайык 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башкы пландарын иштеп чыгуу үчүн Нарын облусуна 25,7 млн.сом бөлүнүп берилген;
- Мындан тышкары, Нарын облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) мамлекеттик мекемелирине электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен 51,9 млн. сом бөлүнүп берилди.
Тиркелген файлдар