Menu
Тренддер

БЮДЖЕТТЕР АРАЛЫК ТРАСФЕРТТЕР 2024-ЖЫЛДЫН 6 АЙЫНДА БАТКЕН ОБЛУСУНА 224,6 МЛН СОМ КАРЖЫЛАНДЫ
Баткен облусу боюнча 2024-жылдын 6 айынын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер – 223,6 млн сом өлчөмүндө каржыланган, анын ичинен:
- Теңдөөчү трансферт – 169,3 млн сом;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү республикалык бюджеттен (МКК эмгек акысы) –5,0 млн.сомго каржыланган,
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү республикалык бюджеттен (статисттин эмгек акысы) –4,3 млн сомго каржыланган,
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-апрелиндеги №206 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыс зоналарында жашаган абоненттерге керектелген электр энергиясы үчүн компенсация төлөөнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык, 50 пайыз компенсация төлөөгө каржыланган – 35,9 млн сомго каржыланган.
Мындан тышкары, Баткен облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) бюджеттик мекемелеринин электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен - 9,1 млн. сом бөлүнүп берилди.
Ошондой эле, 2024-жылдын 5-февралында №34-р Тескемесине ылайык 1,0 млн. сом, каржыланды.
Жалпы – 224,6 млн сом
Тиркелген файлдар