Menu
Тренддер
БЮДЖЕТТЕР АРАЛЫК ТРАСФЕРТТЕР 2024-ЖЫЛДЫН 6 АЙЫНДА ЫСЫК-КӨЛ 570,8 МЛН СОМ КАРЖЫЛАНДЫ
"Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын январь-июнь айына карата республикалык бюджеттин эсебинен Ысык-Көл облусунун жергиликтүү бюджеттерине жалпысынан 570,8 млн сом каржыланган, анын ичинен бюджеттер аралык трансферттер катары 453,7 млн сом жана республикалык бюджеттен 117,1 млн сом акча каражаты каржыланган, алар:
- "Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Теңдөөчү трансферттер – 117,2 млн сомго каржыланган;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-апрелиндеги №206 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыс зоналарында жашаган абоненттерге керектелген электр энергиясы үчүн компенсация төлөөнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык, 50 пайыз компенсация төлөөгө – 20,5 млн сом каржыланган;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү республикалык бюджеттен (статисттин эмгек акысы) – 9,4 млн.сомго каржыланган;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү республикалык бюджеттен (МКК эмгек акысы) – 1,9 млн сомго каржыланган;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы “Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу программасын бекитүү тууралуу” №490 токтомуна ылайык 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башкы пландарын иштеп чыгуу үчүн Ысык-Көл облусуна 80,0 млн сом бөлүнүп берилген;
- Каракол шаарын өнүктүрүүгө – 224,7 млн сом каржыланган.
- Ысык-Көл облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) бюджеттик мекемелеринин элекр энергиясына кеткен чыгымдарын каржылоого республикалык бюджеттен – 117,1 млн сом бөлүнүп берилди;
Тиркелген файлдар