Menu
Тренддер
БЮДЖЕТТЕР АРАЛЫК ТРАСФЕРТТЕР 2024-ЖЫЛДЫН 6 АЙЫНДА ТАЛАС ОБЛУСУНА 468,4 МЛН СОМ КАРЖЫЛАНДЫ
Талас облусу боюнча 2024-жылдын 6 айынын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер-403,5 млн сом өлчөмүндө каржыланган, анын ичинен:
1. Теңдөөчү трансферт – 96,5 млн сом;
2. жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү республикалык бюджеттен (МКК эмгек акысы),
3. жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү республикалык бюджеттен (статисттин эмгек акысы) –5,7 млн.сомго каржыланган,
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-апрелиндеги №206 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыс зоналарында жашаган абоненттерге керектелген электр энергиясы үчүн компенсация төлөөнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык, 50 пайыз компенсация төлөөгө каржыланган – 1,3 млн. сомго каржыланган.
Мындан тышкары, Баткен облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) бюджеттик мекемелеринин электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен - 64,9 млн сом бөлүнүп берилди.
Ошондой эле, 2024-жылдын 22-майында №261-т Тескемесине ылайык 300,0 млн сом каржыланды.
Жалпы – 468,4 млн сом
Тиркелген файлдар