Menu
Тренддер

БЮДЖЕТТЕР АРАЛЫК ТРАСФЕРТТЕР 2024-ЖЫЛДЫН 6 АЙЫНДА ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНА 1,1 МЛРД СОМ КАРЖЫЛАНДЫ
"Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын январь-июнь айына карата республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары Жалал-Абад облусунун жергиликтүү бюджеттерине 1091,8 млн сом акча каражаты каржыланган, алар:
- "Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Теңдөөчү трансферттер – 203,9 млн. сомго каржыланган;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-апрелиндеги №206 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыс зоналарында жашаган абоненттерге керектелген электр энергиясы үчүн компенсация төлөөнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык, 50 пайыз компенсация төлөөгө – 16,4 млн.сом каржыланган;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү республикалык бюджеттен (статисттин эмгек акысы) – 13,2 млн.сомго каржыланган;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү республикалык бюджеттен (МКК эмгек акысы) – 7,0 млн.сомго каржыланган;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы “Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу программасын бекитүү тууралуу” №490 токтомуна ылайык 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башкы пландарын иштеп чыгуу үчүн Жалал-Абад облусуна 69,3 млн.сом бөлүнүп берилген;
- Жалал-Абад облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен - 119,7 млн. сом каржыланган;
1. Жалал-Абад шаарынын өнүктүрүүгө- 487,3 млн сом;
2. Таш-Көмүр шаарын өнүктүрүүгө- 100,0 млн сом;
3. Токтогул шаарын өнүктүрүүгө- 50,0 млн сом;
4. Кара-Көл шаарын өнүктүрүүгө- 20,0 млн сом;
5. Кербен шаарын өнүктүрүүгө- 5,0 млн сом
Тиркелген файлдар