Menu
Тренддер
ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТТИК АЙМАК МЕКТЕПТЕГИ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН ЖОГОРУЛАТУУ ҮЧҮН АЯНТЧА БОЛОТ
2024-жылдын 4-5-сентябрында КР финансы министринин биринчи орун басары Р.М.Суйналиев жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Д.Ш.Кендирбаева менен Россия Федерациясынын “Экономиканын жогорку мектеби” Улуттук изилдөө университетинин Перм шаарындагы филиалынын (мындан ары – ЭЖМ УИУ) директору Г.Е.Володина менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө мектептеги билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында ЭЖМ УИУ менен Кыргызстандагы мектептердин коомчулугун түзүү жөнүндөгү маселе талкууланды.
Андан кийин 5-сентябрда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чоң жыйындар залында ЭЖМ УИУ тарабынан (төлөмсүз негизде - акысыз) квалификацияны жогорулатуучу курстарды өткөрүү жөнүндө 45 мектептин директорлору менен офлайн жана 100 мектептин директорлору менен онлайн жолугушуу болду.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен ЭЖМ УИУнун кызматташуусунун алкагында өз ара аракеттешүүнүн төмөнкү формалары боюнча бир нече биргелешкен долбоорлорду баштоо пландалууда:
- Мектептердеги педагогдордун математика, орус тили жана англис тили боюнча (күбөлүктөрдү берүү менен) 16 саат узактыгында квалификациясын жогорулатуу (акысыз, online);
- 11-класстын окуучуларынын ЭЖМ УИУнун математика, орус жана англис тилдери боюнча даярдоо курстарына катышуусу (акысыз, online);
- 2025-жылга карата ЭЖМ УИУдан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине квоталык орундарды бөлүү.