Menu
Тренддер
ЭЛ АРАЛЫК ВАЛЮТА ФОНДУ ЖАНА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ БЮДЖЕТТИК ЧӨЙРӨДӨ ЭМГЕК АКЫНЫ РЕФОРМАЛОО МАСЕЛЕЛЕРИН ТАЛКУУЛАДЫ
КРФМ
2025-жылдын 3-7-ноябрында эмгек акы фондун башкаруу боюнча Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) миссиясы болуп өттү. Бул миссиянын алкагында ЭВФнын Финансы маселелери боюнча департаментинин жана Кыргыз Республикасынын финансы министри А.К.Бакетаевдин, министрдин орун басары Ж.К. Дүйшееванын, Штаттык санды жана эмгек акыны талдоо башкармалыгынын кызматкерлеринин катышуусунда Кыргыз Республикасында бюджеттик чөйрөдө эмгекке акы төлөө шарттарын өркүндөтүү маселелерин талкуулоо боюнча жолугушуу болуп өттү. Миссиянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан 2026-жылдан тартып бюджеттик чөйрөдө айрым кызматкерлердин эмгек акысын этап менен жогорулатуу боюнча коюлган милдеттерди эске алуу менен, бюджеттик туруктуулукту камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасында эмгек акы системасын реформалоонун фискалдык жана макроэкономикалык көрсөткүчтөр менен байланышкан негизги аспектилери каралды.
ЭВФ саламаттык сактоо, билим берүү жана мамлекеттик кызмат секторлоруна терең баа берүүнү, реформаларды жүргүзүү үчүн болгон чакырыктарга жана потенциалдуу мүмкүнчүлүктөргө басым жасоо менен эмгек акыны жана иш менен камсыз кылууну калыптандырууну жана реформанын альтернативдүү сценарийлерин моделдештирүүнү, кыска жана орто мөөнөттүү саясат боюнча сунуштамаларды камтыган ар тараптуу талдоону, эмгек акынын деңгээлин аныктоонун варианттары менен экономиканын ар кандай секторлорунда эмгек акы тармагын кайра уюштуруунун практикалык мисалдары боюнча эл аралык тажрыйбаны сунуштады.
2 сүрөттөр
0.00MB