Menu
Тренддер

ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ КОММЕРЦИЯЛЫК БАНКТАРДЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ МЕНЕН “КР АБА САПАТЫН ЖАКШЫРТУУ” ДОЛБООРУН ТАЛКУУЛАДЫ
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары Руслан Татиков жана аталган министриликтин алдындагы Кредиттик линияларды башкаруу департаментинин директору коммерциялык банктардын жетекчилери менен жолугушуп, алардын Бишкек шаарындагы абанын сапатын жакшыртуу боюнча жаңы долбоорго катышуусун талкуулашты.
“Кыргыз Республикасындагы абанын сапатын жакшыртуу” долбоору калкка жеңилдетилген кредиттер долбоорго катышууга кызыкдар коммерциялык банктар тарабынан кайтаруу мөөнөтү 5 жылга чейин берилээрин болжолдойт.
Үй чарбалары үчүн максималдуу сумма 450 миң сом, жылына 8% үстөк менен, жылуулук жабдууларын берүүчү компаниялар үчүн - 5 млн сомго чейин жылдык 10% үстөк менен берилет”, - деп белгиледи КР Финансы министринин орун басары. Р.Татиков өз сөзүндө.
Катышуу үчүн кызыккан коммерциялык банктар: 1) республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик ссудалар менен иштөө жөнүндө жобонун 2-тиркемесине ылайык документтерди берүүгө; 2) тийиштүү экспертизанын иш-чараларына комплекстүү баа берүүдөн өтүүгө; 3) экологиялык жана социалдык чөйрөнү башкаруу системасынын болушу. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги кызматташууга ачык жана долбоорго мамлекеттик жана жеке коммерциялык банктар катыша алат.
Абанын сапатын жакшыртуу долбоорунун максаты - Бишкек шаарындагы PM2.5 жана парник газдарынын эмиссиясын азайтуу.
Абанын сапатын жакшыртуу жашоочулардын ден соолугуна түздөн-түз таасирин тийгизип, дем алуу органдарынын жана башка ооруларды азайтат. Бул максаттарга жетүү үчүн учурда Финансы министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан 1-компонентте экологиялык жактан таза жылуулукту сатып алуу үчүн Бишкек шаарынын үй чарбалары/тургундары үчүн жеңилдетилген кредиттер каралган. Атап айтканда, бул жылуулук насостору, күн батареялары жана батареялар, керамикалык электр жылыткычтар, ж.б.