Menu
Тренддер

Финансы министрлиги ички аудиторлор үчүн квалификациялык сынак жарыялайт
ички аудиторлор үчүн
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2025-жылдын I кварталында мамлекеттик сектордогу ички аудитордун квалификациялык сертификатын алуу укугуна сынак өткөрүү жөнүндө жарыялайт
2025-жылдын 22-январь квалификациялык экзаменинин датасы, мамлекеттик сектордогу ички аудитордун квалификациялык сертификатын алууну каалагандар экзаменге катышуу үчүн документтерди тапшырышы керек, документтерди кабыл алуу 2024-жылдын 23-27 декабрга чейин.
Документтерди кабыл алуу төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт: Бишкек ш., бул. Эркиндик 58А, КР ФМ Борбордук казыналыгынын имараты 5 этаж 509 кабинет, тел.(0312) 62 53 13 (2413).
Керектүү документтердин тизмеси:
Квалификациялык экзаменге кирүүгө уруксат берүү үчүн талапкерлер төмөнкү документтерди Финансы министрлигине берет:
- квалификациялык экзаменге кирүүгө уруксат берүү жөнүндө арыз;
- паспорттун көчүрмөсү (паспорттун түп нускасы квалификациялык экзаменди тапшыруунун алдында көрсөтүлөт);
- жогорку билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү тиркемеси менен (нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн);
- экономикалык адистик боюнча бир жылдан кем эмес иш стажысын тастыктаган эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иштеген жеринен же нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн), ал эми башка жогорку (экономикалык эмес) билими болсо, экономикалык адистик боюнча үч жылдан кем эмес иш стажысын тастыктаган эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иштеген жеринен же нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн);
- 3x4 өлчөмүндөгү эки сүрөт.
- ушул чөйрөдөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген, соттолбогондугун күбөлөндүрүүчү документ.
Бардык документтер папкага көктөлүшү керек жана анын алгачкы бетинде талапкердин аты-жөнү көрсөтүлүүгө тийиш.
Мында, экзаменге кайталап катышкан учурда талапкерлер Финансы министрлигине ушул чөйрөдөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген соттолбогондугун күбөлөндүрүүчү жаңыланган документти берүүгө милдеттүү.